Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 6
СПАнын тѳрагасы А.Курманбековдун жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча СПАнын тѳрагасы А.Курманбековдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СПАнын тѳрагасы А.Курманбековдун жγргγзγп жаткан иштери жактырылсын.
2. Сугат суусуна болгон бардык тѳлѳмдѳрдγ ушул жылдын аягына чейин чогултуусу жана чогултулган акча каражаты банкка тѳгγлγγсγ сунушталсын,ошондой эле иштебеген мурабдарды СПАнын кеңешинде талкуулап , эгерде иштебесе жаңы мураб дайындоосу эскертилсин.
3. Сугат жерлерин тактап берγγсγ айыл ѳкмѳтγнγн айыл чарба адиси М.Шермамбетовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Б. Аттокуров |