Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 10
Айыл ѳкмѳтγнγн жаңы салынган китепканасына Токтосунова Апалдын атын берγγ жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Дγйшеев Майрамбектин билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы айылдык китепкана жаңы ачылгандыгына байланыштуу, мурда кѳп жыл китепканачы болуп иштеп эмгеги сиңген Токтосунова Апалдын аты берилсин ( айыл элинин макулдугу тиркелет ) жана айыл ѳкмѳтγнγн китепканасы «Токтосунова Апал» атындагы китепкана болсун.
2. «Токтосунова Апал» атындагы китепканага тѳмѳндѳгγлѳр аткарылуусу талап кылынсын :
Жыл сайын китепкананын ремонтуна жардам кылуусу ;
Китепканага жетишпеген кѳркѳм жана илимий китептерди толуктап туруусу;
Китепканага орг.техника жана мебель менен мγмкγнчγлγгγ жетишинче камсыз кылуусу;
Китепканага тиешелγγ баннерлерди жаңыртып туруусу.
3. Бул токтомдун аткаруу жана китепкананын ичин ирээтѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн китепканачысы Н.Самγдγновага тапшырылсын .
4. Токтомдун аткарылышы боюнча кѳзѳмѳл жγргγзγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн маданият γйγнγн башчысы А.Томотоевго милдеттендирилсин.
Тѳрага: | М. Дγйшеев |