Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15
2014-жылды «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттγγлγгγн бекемдѳѳ жылына» карата спирт ичимдигин жана насывайды дγкѳндѳргѳ саттырбоо жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Дγйшеев Майрамбектин билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн мектеп жамааты жогорку класстын окуучуларына насывайдын жазалышы жана спирт ичимдиктерин ичкен адамдын ѳмγрγ тууралуу видео тасмаларын кѳрсѳтγγнγ уюштурсун.
2. Насывайды дγкѳндѳрдѳн алып салууга жана саттырбоосуна тыюу салынсын.
3. Ата-энелердин кайрылуусу жана мектеп жамаатынын кайрылууларын эске алуу менен айыл ѳкмѳтγндѳгγ майда дγкѳндѳрдѳ насывай , тамеки, спирт ичимдиктерин 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынсын.
4. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы дγкѳндѳрдѳ кечки саат 20-00дѳн кийин спирт ичимдиктери жана тамеки сатылбасын.
5. Бул токтомду аткаруу жана элдик жыйындарды уюштуруп элге жайылтуу жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Тѳрага: | М. Дγйшеев |