Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 3/6
Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылынын «Айыл башчыны шайлоо шарттарын» бекитүү жөнүндө
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылынын «Айыл башчыны шайлоо шарттары» боюнча 2014-жылдын 11-апрелиндеги Ат-Башы айылында өткөрүлгөн жыйындын №1 протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Тѳрайым: | Г. Аттокурова |
2014-жылдын 15-апрелиндеги №3/6 токтомуна тиркеме
USAID | Эксперт: Жумаков Жаныбек Темирбекович Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Айты Сулайманов көчөсү №21/10. Тел.:(**996 3534) 24 2 35 e-mail: Oflarknaryn@rambler.ru |
Тема: «Биз Ак-Моюн айылдык Кеңешинин Бирлик айылынан шайланган депутаттарыбыз. Бирлик айылы Ак-Моюн айылынан башка жайгашкандыктан биздин айылда айыл башчысынын кызматы бар. Бирок айыл башчы сапаттуу иш алып барбагандыктан ишине канааттанбайбыз. Ошол себептен айыл башчысын айыл өкмөтү тарабынан дайындаарда атайын талаптар менен элден макулдук алып, кызмат ордуна келсеби деп ойлогонбуз. Жогорудагы талаптарды кандай ченемдик укуктук акт менен бекитсек болот?» деген топтук суроонун протоколу.
Өткөрүлгөн жай: Ат-Башы айылы, Убактысы: 11-апрель, 2014-жыл.
Катышуучулардын саны 3 адам.
Жогорудагы суроо боюнча топтук иштин катышуучуларына төмөндөгүдөй жооп берилди.
КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесинде Айыл башчысы
1.Айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
2.Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
3.Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
4.Эгерде калк конуштан айылдык кеңешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу деп көрсөтүлгөн.
Демек, Бирлик айылынын айыл башчысын дайындодо айыл тургундарынын макулдугу менен дайындала турган болгондуктан айыл тургундары жалпы жыйында талаптарды кое алат жана айылдык кеңештин токтомунун негизинде Ак-Моюн айылдык аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставына толуктоо киргизсе болот.
Талаптардын долбоору:
Бирлик айыл тургундарынын жалпы жыйындын
Протоколу № 1
КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 58,60-беренелерине ылайык Бирлик айылынын айыл башчысын дайындоо тууралуу төмөндөгүдөй талаптарды кабыл алдык:
1.Ак-Моюн айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставынын 29- «Айыл башчысы» тууралуу бөлүгүнө төмөндөгү толуктоолор киргизилсин:
-Айыл башчыга талапкер Бирлик айылында 5 жылдан кем эмес жашаган адам боло алат.
-Айыл башчысы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын иштөө мөөнөтүнө чейин дайындалып, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан шайлангандан кийин, кайра жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалышы керек;
-Айыл башчы айылдын жана элдин бүтүндүгүн сактоого милдеттүү;
Айыл башчы Ак-Моюн айылдык Кеңештин депутаттарынын жана Бирлик айылынын жашоочуларынын алдында өзүнүн иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет берип турууга тийиш, айыл башчысынын иши канааттандырбаган учурда жалпы Бирлик айылынын тургундарынын талабынын негизинде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругуна ылайык кызматынан бошотулушу мүмкүн.
2.Жогорудагы протоколду КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ак-Моюн айылдык кеңеши тарабынан бекитип берилсин.
Протоколду түзгөн: Жумаков Жаныбек