АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 1
1.Уюштуруу маселеси.
2.Туруктуу тармактык комиссиянын курамын шайлоо.
3.Бирлик айылындагы Кашка-Жол маселеси боюнча Кашка-Жолду ДЭУнун балансасына өткөрүү боюнча.
4.Ак-Моюн айыл аймагынын жарандарынын турак-жай салуу үчүн, ссуда алуу жана жер үлүштөрүн тактоо арыздары жөнүндө
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Уюштуруу маселеси.
1.1. Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымына Аттокурова Гүлмира шайлансын.
1.2.Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басарлыгына Тогозов Жайлоо шайлансын.
2.Туруктуу тармактык комиссиянын курамын шайлоо.
2.1.Финансы-экономика, бюджет жана этика боюнча туруктуу комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар бекитилсин:
Манаев М., Айдыралиева Б., Абдырахманов Б.
2.2.Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар бекитилсин:
Көбөнова Ж., Асаналиев К., Кайыпов Ж.
2.3.Айыл-чарбасы, жер маселелери жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар бекитилсин:
Түмөнбаев Т., Ыбышов У., Шайкидинов Н.
3.Ак-Моюн айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү справкалардын бардык түрлөрү, буйрук-токтомдордун көчүрмөлөрү жарандарга бекер берилсин.
4. Бирлик айылындагы Кашка-Жолду ДЭУнун балансасына өткөрүү.
Бирлик айылындагы Кашка-Жолду ДЭУнун балансасына өткөрүү боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы, акими менен ДЭУнун башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп мыйзам чегинде чечүү жагы, айыл өкмөт башчы О.Керимкуловго жана Бирлик айыл башчысы А.Асановго тапшырылсын.
5. Ак-Моюн айыл аймагынын жарандарынын турак-жай салуу үчүн, ссуда алуу жана жер үлүштөрүн тактоо арыздары жөнүндө.
5.1.Ссуда алуу боюнча кайрылган Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын жарандарына, жазган арызынын негизинде турак-жайын жеринде барып, комиссия менен тактап, изилдөө актысын толтуруп туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө кол койдуруп анан тийиштүү чечим, токтомдор чыгарылсын.
5.2.Ак-Моюн айылы боюнча турак-жай салууга мыйзам чегинде жерлер бөлүнүп берилсин.
5.3.Бирлик айылы боюнча эски сарайдын орду болсо же тийиштүү документи жок айылдын ичинде ашык бош жерлер болсо жеке менчикке мыйзам чегинде турак-жай, короо-сарай салууга туруктуу комиссиянын отурумунда турак-жай башкы адиси менен биргеликте, комиссия мүчөлөрүнүн макулдугу менен добушка коюлуп, анан чечим-токтомдор чыгарылып берилсин.
5.4.Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын жарандарынын, жазган арызынын негизинде жеринде барып, айыл чарба багытындагы жерлер боюнча арыздар келип түшсө, мыйзам чегинде жер адистин катышуусу аркылуу «Айыл чарбасы, жер маселелери жана жайыт маселелери» боюнча туруктуу комиссиясы менен бирге тактап, изилдөө актысын толтуруп туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө макулдугу менен кол койдуруп анан мыйзам чегинде тийиштүү чечим, токтомдор чыгарылсын.
Тѳрайымы: | Г. Аттокурова |