Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-ноябры № 9/5
Жайытты башкаруунун орто мөөнөттөгү долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагында жайытты башкаруунун орто мөөнөттөгү долбоору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин Жер маселелери, айыл-чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Түмөнбаевге тапшырылсын.
Тѳрайым: | Г. Аттокурова |
«Бекитемин»
Ак-Моюн айылдык
Кеңешинин төрайымы
______________Г.Р Аттокурова
«____» ___________2014-жыл
Нарын облусу
Ат-Башы району
Ак-Моюн айылы
К.Кыдыралиев көчөсү 62
Кириш сөз
Жайыт- ата-бабабыздан калган түгөнгүс байлык. Жайыттарды сарамжалдуу, экологияга терс таасирин тийгизбегидей кылып колдонуп, урпактарыбызга жакшы абалда калтыруу азыркы муундун негизги милдеттеринин бири.
Жайыттар союз таркагандан кийин ар кандай башкарылып келген. Мурда токой чарбасына тиешелүү, бирок колхоз,совхоздор узак мөөнөткө алган жайыттар токой чарбасынын башкаруусуна өтүп кеткен. Ички жайыттар айыл өкмөтү,ортоңку жайыттар район,алыскы жайыттар область аркылуу башкарылып келген. Жайыт инфраструктурасы бузулуп, аларды калыбына келтирүүгө бир сом да акча каражаттары жумшалган эмес. Ички жайыттарга басым көбөйүп, деградацияга учурай баштаган. Ал эми алыскы жайыттар жолдун алыстыгынан,начардыгынан пайдаланылбай калган.Жайытты арендага алган фермерлер жайыттарды башка адамдарга пайдаланууга (субарендага) берип, пайда таба башташкан. Жайытты пайдалануу боюнча чыр-чатактар көбөйүп, нааразылыктар күчөй баштаган. Кыштоо,жаздоо жайлоо,күздөө деген түшүнүктөр жоголуп, арендаторлор ата-бабадан келе жаткан жайытты башкаруу принциптерин буза башташкан. «Жайыттар тууралуу» мыйзамдын кабыл алынышы менен жайыттарды пайдалануу жана башкаруу укугу жайыт пайдалануучулар бирикмелерине өткөрүлүп берилип, жайыттар ырааттуу пайдаланыла баштады.
Жайыттарды башкаруу планы атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалып, жайыт пайдалануучулардын талкуусунан өткөн. Жумушчу топтун курамы: -Түмөнбаев Тойгонбай-жетекчиси, айылдык Кеңештин депутаты, жайыт комитетинин мүчөсү, жайыт пайдалануучулардын Ат-Башы райондук ассоциациясынын төрагасы, Шайкидинов Нурбек-айылдык Кеңештин депутаты, жайыт комитетинин текшерүү комиссисынын төрагасы, Осмонбеков Жолдош-жайыт комитетинин төрагасы.
Жайыт планын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Жайыт департаменти, «Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү» долбоору тарабынан даярдалган «Негизги жайыт өсүмдүктөрү» , Борбордук Азия Университетинин Тоолук Коомчулукту Изилдөө институту тарабынан даярдалган «Малчылар үчүн колдонмо»,КЭМП Алатоо коомдук фондусу даярдаган жайытты башкаруу пландарын түзүү боюнча методика, Шрайбер мырзанын сунуштары , айыл өкмөтүнүн жана госрегистрдин статистикалык маалыматтары, айыл аймагын өнүктүрүүнүн жол картасы (стратегиясы) колдонулду.
Жайытты башкаруу планына жайытка гана байланыштуу маселелер көтөрүлбөстөн, жалпы мал чарбасы,тоют өндүрүү, ветеринария боюнча маселелер каралды
Жайыт башкаруу планы малды тоюттандырууда жайыттан алган тоют менен кышка даярдалган тоюттун балансасын түзүүнү, ветеринардык-профилактикалык иш чараларды координациялоону жана жайыттын абалын, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин орто мөөнөттөгү планын турмушка ашырууну көздөйт.
1-бөлүм .Жайыттарды туруктуу башкаруу
1.1 Жайытты башкаруунун укуктук –ченемдик негиздери
Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык коддексинин, Жер кодексинин, “Жайыттар тууралуу”, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” ,“Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндө” ,мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык айыл аймагындагы мал ээлеринин жана башка жайыт пайдалануучулардын жайыттарды пайдалануу жана аларды жакшыртуу боюнча ,жайыт пайдалануучулардын таламдарын талашуу үчүн түзүлгөн Ак-Моюн айыл аймагынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Өкмөтүнүн 19.06.2009-ж токтомунун негизинде 2009 жылдын
8-сентябрынан баштап Ак-Моюн айыл округунун Жайыт Пайдалануучулар Бирикмеси түзүлүп иштей баштады.
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндөгү кыскача маалымат:
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Ак-Моюн айыл округунун территориалдык коомдук өзүн-өзү башкаруу органы болуп эсептелет.
ЖПБ- бул Ак-Моюн айыл округунун тургундарынан өз ыктыярдуулугу менен куралган бирикме.
ЖПБ- Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айыл округунун териториясында жайгашып бүтүндөй Ак-Моюн айыл округунун территориясында иш жүргүзөт.
ЖПБ иш аракетинин мөөнөтү чектелген эмес.
ЖПБ коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет, анан уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер,жооп берүүчү катары чыгат.
ЖПБ нын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик, жана башка банктык эсептер бар ЖПБ юридикалык адреси: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы.
ЖПБнын уставы Жайыт пайдаланучулар бирикмесинин Жалпы жыйынында № 1 протоколу 8- сентябрь 2009-ж
Юридикалык каттодон 19 сентябрь 2011-жылы өткөрүлүп, ГР № 0054178 күбөлүгү берилген
: Жалпы чогулушу – жогорку башкаруу органы болуп эсетелет;
Аткаруу орган- Жайыт комитети;
Ак-Моюн айыл окмотунун жайыт комитетинин курамы 15 адам, анын ичинен 6-А/К депутат,айыл аймак башчысы, ЖИКтин төрагасы жайыт комитетинин курамына кирет.
ЖПБ нын ревизиалык комиссиясы – ревизиялык контролдоочу орган.
Текшеруу комиссиясынын курамы 3 адамдан турат, торагасы -Шайкидинов Нурбек.
.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
Ак-Моюн айыл аймагынын баардык тургундары ,эрезеге жеткен жана эмгекке жарамдуу курактагы жарандары ЖПБ мүчөсү боло алат.
ЖПБ мүчөлөрү чечүүчү добуш берүү укугу менен жалпы жыйынга катышууга укуктуу.
ЖПБ мүчөлөрү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин баардык отурумдарында түзүлгөн протоколдору менен таанышууга укуктуу жана ЖПБ жалпы жыйындын баардык отурумдарына жана ЖПБ конкреттүү маселелери боюнча баардык угууларга катышууга, ошондой эле ЖПБ иштерине иштерине тиешелүү каалагандай маалымат алууга укуктуу.
ЖПБ мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү: Кыргыз Республикасынын жер жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого;
-жайыттарды жана алардын инфраструктураларын сарамжалдуу жана пайдалануу пайдаланышын камсыз кылууга;
-ЖПБ жана жайыт комитетинин жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерди аткарууга;
-жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акыны өз учурунда төлөөгө, малды эмдөөлөргө.
1.2 Ак-Моюн айыл аймагынын территориясынын табигый шарттары жана өзгөчөлүктөрү.
1.2.1. Жайгашкан жери.
Ак-Моюн айыл округу Ат-Башы дарыясынын сол жээгинен орун алып Нарын облусунун Ат-Башы районунун курамына кирет. Райондун борборунан 21 км алыстыкта жайгашкан. Батыштан Ак-Жар, чыгыштан Ак-Муз айылдык округу менен, түштүк-чыгыш тарабынан Нарын району менен чектешет.
. Областын борбору –Нарын шаарына чейин 66 км, райондун борбору Ат-Башы айылына чейин 21 км алыстыкта , жакынкы темир жол станциясы жайгашкан Балыкчы шаарынан 368 км алыстыкта.турат.
Дениз деңгээлинен 2160 м бийиктикте жайгашкан.
1.2.2. Климаты.
Ак-Моюн айыл аймагынын териториясы мэлүүн жана субтропик алкактардын тутумдашкан тилкесинде жатат. Айыл аймагы баардык тарабынан тоолор менен курчалып, көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 2000-3000 м бийиктикте жайгашкандыктан климаты кескин континенттик жана кургак. Жайы мэлүүн жылуу,июлдун орточо айлык температурасы 15,8-17,2 С.Орточо суткалык температура 10 С тан ашкан жылуу мезгил 4,5-5 айга созулат. Кышы суук жана узак. Январь айынын орточо температурасы - 18,7 С, кыштоолор жайгашкан Ак-Сай өрөөнүндө -24,7-27,7 градуска чейин төмөн. Ак-Сай өрөөнүндө кыш 7-8 айга чейин созулат. климаттык шарты кескин континенталдык бийик тоолуу аймакка кирет: Жылдык жаан-чачындын өлчөмү дыйканчылык зоналарында 300-350 мм түзсө, тоолордо 400-450 мм түзөт.
. 1.2.3. Топурак.
Ак-Моюн айылдык округунун жайыттарынын күңгөй жерлеринин, кыштоолорунун топурагы сары топурактуу келет. Жайлоолорунун жана жаздоо, күздөө жайыттары кара топурактуу..
1.2.4. Гидрология.
Ак-Моюн айыл аймагында суу ресурстары мөңгү жана жер астындагы суулардан куралат. Жер астындагы суулар 150-200 м тереңдикте топтолгон.. Чар жаздоосундагы суулар мөңгүдөн эрип аккан жана жер астындагы суулардан куралат. Сасык –Булак жаздоосундагы суулар жер астынан чыгат. Бул суулар туздуу келип, малчылар ичүүгө жараксыз. Ак-Сай,Беш-Белчир,Кайнар жайлоолорундагы суулар мөңгүдөн жана жер астынан чыккан суулардан (булактардан) куралат. Ак-Сайда Балык-Суу, Мүдүрүм сыяктуу чоң суулар агып өтөт. Мал сугарууга жана малчылар ичүүгө жайлоолордо суу жетиштүү. Кээ бир гана кургакчыл жылдары (мисалы 2013-жыл ) айрым жайлоо участокторунда суунун жетишсиздиги байкалды. Ички өрөөндө жайгашкан кыштоолордо кышкысын суу аз, бирок мал сугаруу системасын калыбына келтиргенден кийин суунун тартыштыгы байкала элек. Алыскы Ак-Сай өрөнүнда жайгашкан Кулжа-Башы,Көк-Кыя кыштоолорунда кышында суу жок. Малчылар музду,карды эритип ичишет, мал болсо кардайт.Айыл аймагынын териториясында Арашан минералдык суусу чыгат.
Дыйканчылыкка калк сууну Чоң, Өмүке каналдарындагы суулардан пайдаланышат. Бул суулар апрель айынын ортосунан баштап берилип, ноябрь айынын башында токтойт.
1.3. Калкынын саны тууралуу маалымат:
Ак-Моюн а/о калкынын саны- 3918киши.
Тутундун саны- 916.
Ак-Моюн айылдык округу Ак-Моюн, Бирлик айылдарынан турат
1.4 Айыл чарбасы
Табл.1.Ак-Моюн айыл аймагынын айыл чабасына жарактуу жерлеринин структурасы( 2014-жылдын статистикалык маалыматтары боюнча)
№ | Категориясы | Жалпы аянты, га | % менен |
1 | Сугат аянты | 3359 | 5,3 |
2 | Кайрак | 308 | 0,5 |
3 | Чабынды | 614 | 1,0 |
4 | Жайыттар | 59819 | 93,2 |
| Жалпысы | 63100 | 100 |
Сугат аянттарынын структурасы
№ | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү | Аянты,га | % |
1 | Арпа | 252 | 7,5 |
2 | Эспарцет | 271 | 8,0 |
3 | Бир жылдык чөп ( ак сулуу) | 160 | 4,7 |
4 | Көп жылдык чөп (айдалбаган кысыр аңыз жер) | 2550 | 75,9 |
5 | Картошка | 116 | 3,4 |
6 | Жашылча | 10 | 0,5 |
| Баары | 3359 | 100 |
Тоют өсүмдмдүктөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү.ц/га
Эспарцет 65 ц/га
Арпа 16ц/га
Сулуу (чөп) 70 ц/га
Айдалбаган кысыр аңыз жерден 15ц/га
1.5.Мал чарбасы боюнча маалымат
Мазму- ну | Ири мүйүздүү мал | Кой-эчкилер | жылкылар | топоз | ||||||||
Баа-ры | Уй |
Анын ичинен | баары |
Анын ичинен | баары | Анын ичи-нен | баары | Анын ичи-нен
| ||||
төлү | төлү | |||||||||||
1 жаш-тан жогору | Жаш Төл | кой | эчки | |||||||||
Айыл айма гы боюн-ча Жал-пы мал | 2187 | 1907 | 1367 | 540 | 24613 | 20113 | 4500 | 1800 | 350 | 280 | 160 |
|
Жа-йытка чык-кан мал | 2187 | 1907 | 1367 | 540 | 24613 | 20113 | 4500 | 1800 | 350 | 280 | 160 |
|
1.6.Жайыт ресурстарын инвентаризациялоо
1.6.1Жаздоолор.
Ак-Моюн ЖПБ жаздоолору айылдын четинде жайгашкан, жалпы аянты7415 га. Бул жаздоолор негизинен 2 жайыт участогунан турат: Чар жана Сасык-Булак. Чар участогунун жалпы аянты _____ га, Сасык-Булактыкы____ га
Бул жаздоолор мал жайлоодон түшкөндөн кийин күздөө, кыштоо катарында пайдаланат Чар участогунда ____ кыштоо, Сасык-Булакта ____ кыштоо жайгашкан. Алыскы Ак-Сай өрөөнүндөгү жаздоолор мал барбагандыктан колдонулбай жатат.
Негизги жайыт өсүмдүктөрү
Ак-Моюн айыл аймагынын жаздоолорунда дандуу (злаковые) жана чанактуу (бобовые) тоют өсүмдүктөрү басымдуулук кылат.
Кара баш бетеге (мятлик луковичный)-бул тоют өсүмдүгүн жылдын баардык мезгилинде кой жана жылкы жакшы жейт. Жаздоолордо мал жайылып кеткенден кийин күзгө чейин кайра калыбына келет, Күз мезгилинде, айрыкча жаанчыл болгон жылдары жайыттагы тоюттун негизги массасын түзөт.
Арпакан-(костер кровельный)-Бул тоют өсүмдүгү Чардын Ак-Чий, Омпол участкаларында кеңири таркаган. Малдын баардык түрлөрү жакшы жейт
Сары кашка беде (люцерна серповидная)-белоктуу тоют. Жаздоолордо кеңири тараган. Жазында жакшы желет. Күзүндө сабагы катып мал жакшы жебей калат.
Жапайы эспарцет- белоктуу бийик өскөн тоют өсүмдүгү. Мал жайылгандан кийин кайра калыбына жакшы калыбына келе албайт
Уй беде(клевер)-суунун жээктеринде өсөт. Жаанчыл болгон жылдары шалбаалардагы эң баалуу тоют
Ак беде (клевер ползучий)-Сасык-булак,Чар сууларынын жээгинде өскөн баалуу белокко бай тоют. Малдын туягына жакшы туруштук берет, мал жайылып кеткенден кийин күзүндө кайра калыбына келип, негизги күзгү тоют болуп эсептелет.
Шыбак (полынь)- эрте жазда тоют катары жакшы пайдаланылат Кар кетээри менен эле “шыбак жарылды” деген калк арасында түшүнүк бар. Эрте жаздагы эң баалуу тоют. Кийин ачуу заттар көбөйүп, жакшы желбей калат
Төшөлгөн кымыздык (горец птичий, спорыш)-малдын баардык түрлөрү жакшы жеген өсүмдүк. Мал жайылып кеткенден кийин кайра жакшы өсүп чыгат.
Бака жалбырак (подорожник) суу жээктеп өскөн тоют өсүмдүгү. Кой-эчкилер жакшы жейт. Медицинада кеңири колдонулат.
Эрмен (полынь горькая) жазында кой эчкилер тарабынан жакшы желет.Кийин ачуу заттар көп болгондуктан эчки эле пайдаланат. Чардын Ак-Чий, Сасык-Булактын оозунда ,Май-Букада көп тараган. Эрмендүү жайыттарда көп жайылган кой-эчкилерде малдын ички органдарындагы мите курттар( гельминттер) жоголот.
Чий (Ахнатерум блестящий)-эрте жаздан баштап жылдын төрт мезгилинде пайдаланылуучу тоют. Эрте жазда жаңы өсүп келе жаткан сабактарын майда мал жакшы жейт.. Кыш мезгилинде, айрыкча кар оор түшкөн жылдары жылкынын негизги кышкы тоюту. Калк арасында кыштын кандай болгондугу тууралуу чийдин сакталып калышы кабар берет деген түшүнүк бар. Кышында башка тоюттар мол болсо, чий толугу менен сакталып калат. Кар анчалык оор түшпөсо, мал чийдин бүрүн эле түгөтөт. Кар оор түшсө мал чийди дүмүрүнө чейин жеп салат.
Мал жебей турган өсүмдүктөр.
Мал жебей турган өсүмдүктөрдөн чекенде(хвойник хвощевидный), адырашман ( гармала обыкновенная), шимүүр (фломоидес Фетисова). тикен (шмальгаузения гнездистая) ,эндик ( линддолефия столбиковая) сасык каз таңдай ( тысячелистник таволголистный) кездешет.
Кийинки жылдары жайыттарда “чытыр” деп аталган уулуу өсүмдүк пайда боло баштады. Бул уулуу өсүмдүк Бейшекенин кайкысы деген участокто көп өсөт.Жаан-чачын жокто бул чөптө уулу заттар жоктой сезилет, мал оттосо эч нерсе болбойт. Жаан-жаагандан кийин бул чөптү оттогон уйлардын ичи көөп (вздутие живота) чыгып мал 1-2 саатын аралыгында өлүп калат. Кийинки жылдары чытырдан ууланып өлгөн бададагы уйлардын саны 15-20 башка жетип, мал ээлерине ири көлөмдөгү зыян алып келүүдө. Бул чөптү тааныган тажрыйбалуу адамдар аз. Чытыр өскөн аянт баданын ую жайытка чыгуучу жолдо жайгашкандыктан баданын уюн бул жайыттарга жайбай, тез айдап өтүү керек экендигин малчыларга түшүндүрүү зарыл. Жайыт комитети Мал чарбасы жана Жайыт илим изилдөө институтуна бул өсүмдүк боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сураныч жөнөтөлү деген пландары бар
Инфраструктурасы Чар участогуна баруучу жол айдоо аянттарын аралап өтөт Бул жолдун 2 жерине АРИС тин гранты менен 2 көпүрө курулган .Жолдун айрым участоктору оңдоп-түздөөнү талап кылат. Жайыт аянттарын аралабай өтүүчү альтернативдик жол салынган,(Көк-Жар аркылуу) бирок бул жолду ремонттоого көп акча каражаты талап кылынат. (Өмүке каналына 1 чоң көпүрө курулушу, суу жеп кеткен жолдун нугун толтурулушу керек.) Жай мезгилинде айылдагы баданын ую жайылат. Сары-Коо каналына мал айдап өтүүчү жолуна бир көпүрө 2008-жылы курулган. Жогоруда айтылып өткөндөй жылдын баардык мезгилинде мал суу менен камсыз болгон. Союз мезгилинде курулуп, кийин талкаланып кеткен мал сугаруучу система 2011-жылы АРИСтин гранты менен кайра калыбына келтирилгендиктен бул жайыт аянттарына чыккан малчыларды, малды суу менен жайы-кышы толук кандуу камсыз кылууда.
Жайыт комитетинин келечектеги иш-пландары боюнча бул системаны эксплуатациялоого, утурумдук ремонтун жүргүзүп турууга каражаттар бөлүнөт. Чар участогунда колхоз мезгилинде курулган малды купкалоочу жай бар.Бул купка бузулуп, талкаланып кеткен. Бул купканы кайра калыбына келтирүү жайыт комитетинин жакынкы иш-пландарына киргизилген. 1980-жылдары курулуп кийин бузулган БСР (бассейн суточного регулирования) да бар. Бул объектти ремонттоп ишке киргизсек, кыштоолорго жакын жайгашкан малчылар кышка тоютту бул өрөөндөн камдап, кышкы,жазгы жайыттар азыраак пайдаланылган болоор эле.Бул проблема айыл өкмөтүүнүн өнүгүүсүнүн жол картасына (стратегиясына) киргизилген жана ремонттон өткөрүү үчүн акча каржаттар изделүүдө.
Сасык-Булакка баруучу жолдо 1 көпүрө бар жана оңдоону талап кылат. Бул участокко дагы бир көпүрө (Эмилдин сарайынын артына) куруу жайыт комитетинин иш –пландарына киргизилген. Мал сугаруучу системанын трассаларындагы трубалар казылып кеткен жана чоң инвестицияларды талап кылат. Трассаданын казылып алынып, жок болуп кеткен суу түтүктөрүн орнотуу, мал суу ичүүчү аянттарын куруу жайыт комитетинин алыскы перспективалуу пландарына кириши мүмкүн жана бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги инвестицияларды талап кылат.
1.6.2.Жайлоолор
. Айыл аймагынын жайкы жайыттары Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3000 м ашык бийиктикте жайгашкан. Жайыт сезону июнь айынан башталат. Аянты - _______ га.
Инфраструктурасы Кышында кар оор түшүп калган жылдары Кында ашуусу май айынын аягында ачылат. Жолдорунун абалы орто. Жолдору жол тейлөө мекемелери тарабынан , чек арачылардын техникалары менен оңдолуп турат. Кызыл-Булактан Арашан тарапка кетүүчү жолдун 4 участогунун көпүрөлөрүн жазында эриген кардын суулары алып кетип, жыл сайын №957ДЭУ- нун күчү менен оңдолуп турат. Кызыл-Булакта малды купкалоочу жай, кыркын пункту бар..Бирок азыркы учурда талкаланып кеткен. Кайра калыбына келтирүү ири инвестицияларды талап кылат жана жайыт комитетинин келечектеги иш-планында бар. Кызыл-Булакта Кында чек ара заставасы, жол тейлөө ишканасынын тамдары бар. Мал айдап келе жаткан малчылар өргүсө болот. Малчылар суу жээктей конушат. Малчылар жана мал үчүн суу жетиштүү. Кызыл-Булакта кен казуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул бир жагынан малчылар үчүн пайдалуу-иштеген жумушчуларга мал чарба азыктарын сатышат, жергиликтүү калк жумуш менен камсыздалат, техникалары жолдорду көпүрөлөрдү оңдойт. Начар жагы-алтын чайкоого суу колдонулгандыктан суу булганып, малчылар сууну алыс жактан ташып ичүүгө аргасыз болушууда.
Пайдаланылбаган участоктор. Жолдун алыстыгынан Ак-Байтал, Кең-Суудагы, жалпы аянты 9247 га жайытка малчылар барышпайт. Көңдөй, Кежиге, Көкарттын суусунун жээгиндеги жайыттар пайдаланылбайт. Аянты 3021 га (Жайыт картасында 9 деген цифралар менен белгиленди).
Негизги жайыт өсүмдүктөрү
Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкандыктан ботаникалык составы боюнча көп түрдүүлүгү менен айырмалана албайт. Ошентсе да төмөндө кеңири тараган тоют өсүмдүктөрүнө мүнөздөмө берилет.
Бетеге (овсяница-типчак)-мал жакшы жейт, малдын туягына жана кургакчылыкка туруктуу, мал жайылгандан кийин кайра тез өсүп чыгат Мал семиртүүчү тоют өсүмдүктөрдүн бири. Жайлоолордун 70% бетеге ээлеп турат
Доңуз сырт-(кабрезия волосовидная)- Ак-Сай өрөөнүндөгү негизги тоют өсүмдүктөрүнөн бири. Доңуз сырты малдын туягына туруштук берет. Жер кыртышынын абалын жакшы сактайт. Жылкы жакшы жейт.
Ыраң (осока черноцветковая)- малдын баардык түрү, айрыкча кой-эчкилер жакшы жейт.
Айгыр жыгаар(осока узкоплодная) – малдын баардык түрү жакшы жейт Бийик өскөндүктөн кышында жылкы жакшы тээп оттойт.
Согон( лук многолистный)-жылкы, кой жакшы жейт. Көңдөй, Мүдүрүмдө көп тараган.
Жөргөмүш (горец живородящий) саздуу жерлерде өсөт. Малдын баардык түрү жакшы жейт.
Көбүргөн-(лук черно-красный)- малдын баардык түрү колдонот. Июнь июль айларында жаңы өсүп келе жатканда мал жакшы жейт. Августа чөп катканда кой-эчки,төө жакшы жейт, себеби жашыл бойдон узак убакыт сакталып тура берет..
Сары чай чөп-(зверебой) Кынданын белинде өсөт. Мал орто жейт
Мамыры ( полынь зеленая) –малдын баардык түрү жейт. Мамыры нын тамыры терең жайгашпагандыктан мал тамыры менен жулуп салат. Мамыры “бышканда” Ак-Сай өрөөнү мамыры жыттанып турат. Дарылык касиети зор баалуу өсүмдүк. Союз убагында мал көп жайылган участкаларда аз кездешет (Арашан, Кызыл-Булак) Боз-Жалпактын мал жетпеген жерлеринде көп.
Мал жебей турган өсүмдүктөр:
Мал жебей турган өсүмдүктөрдөн тикен (шмальгаузения гнездистая)-төөдөн башка мал жебейт, аккодол эндик ( линддолефия столбиковая) кездешет .Жайлоолордо уулуу чөптөр бар, тажрыйбалуу малчылардын көп жылдык байкоосу боюнча жайлоолордо мал ууланган фактылар жок.
1.6.3. Күздөөлөр
Ак-Моюн айыл аймагындагы күздөөлөрдүн аянты 7415 га. Жайлоодон келген мал жаздоо катарында колдонулуп келген жайыттарга, аңыздарга келишет. Негизги тою өсүмдүктөрү жаздоолордукундай.
1.6.3. Кыштоолор
Айыл аймагынын кыштоолору алыскы Ак-Сай өрөөнүнөн орун алган. Жалпы аянты -15367 гектар. Кышкы жайыттары Алыскы Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан. Кыш мезгилинде бул кыштоолорго малчылардын катташы оор, себеби Кында ашуусу жабылып калат, Көл-Суу участкасындагы көпүрө 2011-жылы бузулуп ,азыр мамлекеттин каражаты менен кайра салынууда.. Малчылар медициналык жактан тейлөө жок. Торугарт аркылуу каттам бар .Жолунун узактыгы 250 км. Шарттардын жоктугунан алыскы Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолордо азырынча топоз баккандар эле кышташууда. Субай койлорду Ак-Сайдагы кыштоолордо багууну уюштуруу Айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин иш-пландарына кириши керек. Негизги тоют өсүмдүктөрү жайлоолордо өскөн өсүмдүктөр.
Жайыттардын абалы
Союз мезгилинде жаздоо-күздөө катары колдонулуп келген айылдын жанындагы жайыт участкалары мал көп жайылгандыктан деградацияга дуушар боло баштаган. Кийин малдын санынын азайышы менен жайыттар кайра калыбына келе баштады. Кээ бир жаанчыл жылдары (2011-жыл) айрым фермерлер, мисалы Саякбаев Токтобек, Касмалиев Доктурбек мал жайлоого көчүп кеткенден кийин жайыт участокторунан чөп чаап, кышка тоют даярдап алышкан. Бул болсо жайыттардын абалынын жакшы экендигинен кабар берет.
Бирок , мал чарба азык-түлүктөрүнө суроо-талаптардын өсүшү менен элдин малынын саны өсүүдө. Жаздоо-күздөөлөргө басымды туура аныктап, жайытты туура башкарбаса , деградацияга кайра учурашы толук ыктымал. Алыскы жайлоолор өз калыбына келди.
Жайыттарды баалоодо кайчылаш сызык методикасы жана эки индикатор колдонулган. Биринчи индикатор-жер кыртышынын өсүмдүктөр менен капталуусу жана экинчиси-өсүмдүктөрдүн ботаникалык составында мал жей турган өсүмдүктөрдүн болушу. Эки индикатор тең бирдей мааниге ээ болгон . Жаздоо-күздөөлөрдүн абалы Чар участкасынан Нурмамбетов Курманбектин жаздоосунун жанынан аныкталган. (бул методика суу жээктериндеги жайыт участкаларына жарактуу). Сасык-Булак жаздоосуна да ушул көрсөткүчөр мүнөздүү.
Бааланган участоктордун аталышы жана берилген балл | Жайыттын абалы | Абалын оңдоо боюнча иш чаралар | Калыбына келтирүүгө канча убакыт талап кылынат |
Чар 64 балл(жаздоо-күздөө)
| Чала деградацияланган | Жайыттын сыйымдуулугуна жараша пайдалануу, эрте жазда мал жайбоо | 1-3 жыл |
Сасык-Булак(жаздоо-күздөө) 60 балл | Чала деградацияланган | Жайыттын сыйымдуулугуна жараша пайдалануу, эрте жазда мал жайбоо | 1-3 жыл |
Карала-Таш (жайлоо) 70 балл | жакшы | Талап кылынбайт | Талап кылынбайт |
Мүдүрүм (жайлоо) 76 балл | жакшы | Талап кылынбайт | Талап кылынбайт |
Кежиге (жайлоо) 90 балл | Эң жакшы | Талап кылынбайт | Талап кылынбайт |
Кулжа-Башы 86 балл (кыштоо) | Эң жакшы | Талап кылынбайт | Талап кылынбайт |
Жайыттардын сыйымдуулугу
Жайыт участоктору | аянты | түшүм | сыйымдуулугу | Пайдалануу мөөнөтү |
Жаздоолор | ||||
Чар,Кургак-Коо | 4023 | 844830 | 2499 | 45 күн, 1майдан 15 июнга чейин |
Сасык-Булак, Чоң-Секи | 1596 | 335160 | 991 | 45 күн, 1майдан 15 июнга чейин |
Гүлдөй бер,Моңол Өтөк | 1356 | 284760 | 842 | 45 күн, 1майдан 15 июнга чейин |
Кызыл, Кара-Куурай | 210 | 44100 | 130 | 45 күн, 1майдан 15 июнга чейин |
,Көк-Жар | 84 | 17640 | 52 | 45 күн, 1майдан 15 июнга чейин |
Өмүрбай-Коо | 146 | 30660 | 90 | 45 күн, 1майдан 15 июнга чейин |
Баары | 7415 | 1557150 | 4613 |
|
Жайлоолор | ||||
Карала-Таш | 1598 | 671600 | 746 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Кызыл-Булак | 1793 | 753060 | 809 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Арашан | 3262 | 1370040 | 1473 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Бөйрөк-Булак | 2353 | 988260 | 1062 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Мүдүрүм | 5644 | 2370480 | 2549 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Ак-Муз | 4648 | 1952160 | 2099 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Кургак-Кында | 1259 | 528780 | 568 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Үч-Булак | 2174 | 913080 | 981 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Арашандын ийриси | 1990 | 835800 | 898 | 124 күн 15 июндан 11 октябрга чейин |
Баары | 24721 | 1038620 | 11185 |
|
Кыштоолор (Ак-Сай өрөөнүндөгү) | ||||
Кулжа-Башы | 8229 | 592488 | 658 | 120 күн декабрдан 1-апрелге чейин |
Көк-кыя | 2620 | 188640 | 209 | 120 күн декабрдан 1 |
Жарма-Муздабас | 2358 | 169766 | 188 | 120 күн декабрдан 1 |
Шамыркан | 1628 | 117216 | 130 | 120 күн декабрдан 1 |
Культцетрдин айланасы | 532 |
|
| Жайында колдонулат |
Баары | 15367 |
|
|
|
Тоют балансасын түзүү
Малды туура тоюттандыруу – мал чарбасындагы ийгиликтердин ачкычы болуп саналат. Ак-Моюн айыл аймагында мал тоютка болгон мутаждыгын жайыттардан (жаздоо,күздөө, жайлоолорлон) жана айдоо аянттарынан өндүрүлгөн тоюттардан алат.
Ак-Моюн айыл аймагындагы баардык малдын кургак затка муктаждыгын эсептөө ( тирүүлөй салмактын 0,25%)
|
Ак-Моюн айыл аймагындагы малды шартуу малдын башына айландыруу (Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык)
№ | Малдын түрү | Саны | Шартуу малдын башы | |
|
| Которуу коэффиц | жалпысы | |
| кой | 20113 | 0,2 | 4023 |
| эчки | 4500 | 0,2 | 900 |
| жылкы | 1800 | 1,0 | 1800 |
| топоз | 280 | 1,0 | 280 |
| уй | 1367 | 1,0 | 1367 |
| торпок | 540 | 0,7 | 378 |
| тай | 350 | 0,7 | 245 |
| мамалак | 160 | 0,7 | 112 |
| Баары |
|
| 9105 |
Жайыт тоютуна болгон муктаждык ( түшүмдүүлүк КЭМП Алатоо коомдук фондусунун методикасына ылайык аныкталды, жайытта гы өсүмдүктөрдүн 60% мал жейт ,калганы мал жебей турган өсүмдүктөр, мал туягы менен таптайт, заарасы менен булгайт)
мезгил | Жайыт күн | Баардык малга 1 күнгө керектелет, КЗ, кг | Жалпы тоют керектелет | Түшүм-дүүлүк | Жайыт керектелет |
жаз | 60 | 53807 | 3228420 | 350х0,6=210 | 15373 |
жай | 120 | 53807 | 6456840 | 700х0,6=420 | 15373 |
күз | 60 | 53807 | 3228420 | 400х0,6=240 | 13451 |
кыш | 125 | 53807 | 6725875 | 120х0,6=72 | 93414 |
жалпы |
|
|
|
|
|
Колдо бар жайыттардын түшүмдүүлүгү жана
мезгил | Жайыт аянты,га | 1 гектардан түшүмдүүлүк кг/га | Жалпы түшүмдүүлүк | Тоют өсүмдүктөрүн пайдалануу коэф.60% | Баардык малга 1 күндүк керектөө | Баардык мал жайытта туруу күнү |
жаз | 7415 | 350 | 2595250 | 1557150 | 53807 | 29 |
жай | 25334 | 700 | 17733800 | 10640280 | 53807 | 197 |
күз | 7415 | 400 | 2966000 | 1779600 | 53807 | 33 |
кыш | 19606 | 120 | 2352720 | 1411632 | 53807 | 26 |
баары | 59770 |
|
| 15388662 |
| 285 |
Таблицала көрүнүп тургандай биздин колдо болгон малды жазгы жайыттарга 29 күн эле кармай алабыз Жайкы жайыттар жетиштүү.
Күз мезгилинде мал айдоо аянттарынан түшүм жыйналып алынгандан кийинки аңыздарда жайылаарын эске алсак, жана аңыздардын түшүмдүүлүгү күздөөлөрдүкүндөй деп эсептесек:
Күздөө аянты | Аңыз аянты | Жалпы аянт | түшүмдүүлүк | Жалпы түшүм | Баардык малга 1 күндүк керектөө | Күздөөгө Канча күн Жайылышы керек |
7415 | 4281 | 11696 | 240 | 2807040 | 53807 | 52 |
Таблицада көрүнүп тургандай биздин күздөөлөр колдо болгон малды аңыздар менен кошо эсептегенде 52 күн бага алат
Жайыттар менен камсыз болуу %
Жайыттын түрлөрү | Колдо бары | керектелет | Камсыз болуу % |
жаздоо | 7415 | 15373 | 48,2 |
Жайлоо | 25334 | 15373 | 164,8 |
Күздөө | 7415+4281=11696 | 13451 | 86,9 |
| |||
Жайыттарды колдонуу мөөнөттөрү
| Мал жаюу узактыгы,күн | мөөнөттөрү |
жаздоо | 29 | 1-майдан 29-майга чейин |
жайлоо | 124 | 30-майдан 1 октябрга чейин |
күздөө | 52 | 1-октябрдан 22 ноябрга чейин |
Жайыт тоютуна болгон муктаждыктарды аныктагандан кийин жаздоолорго болгон басым өтө көп болууда. Баардык эле малчылар май айынын аягында Ак-Сайдагы жайлоолорго көчүп кете алышпайт, анын төмөндөгүдөй себептери бар:
1. Кында ашуусу ачылбай калышы мүмкүн
2. Мал жакшы ирдене элек, жайлоолорго жетпейт
3. Жаңы кыркылган малды эрте Ак-Сайга көчүрүп баруу кооптуу, кар жаап калып, мал чыгымга учурашы мүмкүн.
Ошондуктан жаздоолордогу басымды азайтуу үчүн токой фондусунун жерлерине –Кайнар, Беш-Белчир, Коендуу –Колотко айылдан “түз” көчүрүп кетүү керек. Реалдуу шарттарыбызды карап көрсөк, мал 15-июндан баштап Ак-Сай жайлоосуна көчүп кете алат, демек биздин ички жайыттар 45 күн пайдаланылат
аянт | түшүм | ШМБ/күн | Жаздоолорго оптималдуу малдын саны,ШМБ |
7415 | 1557150 | 7,5 х 45 күн =337,5 | 1557150/337,5 =4613 |
9105-4613 = 4492 ШМБ түз Ак-Сайга же токой фондусунун жаздоолоруна барышы керек. Малчылар токой чарбасына да жайыт комитетине жайыт акы төлөп калбасына жол бербөө максатында жайыттарды пайдалануунун сезондук тарифтерин киргизебиз. Жайыт комитетинин жылдык бюджети 420 000 сомду түздү дейли, анда сезондук тарифтер төмөндөгүдөй болот
| Жайыт пайдалануу Узактыгы,күн | Жайылган малдын саны,ШМБ | Жайыт пайдалануудан Түшөт, сом | 1 ШМБ,жайыт сезонуна | 1 ШМБ 1 күнгө |
жаз | 45 | 4613 | 88732 | 19,23 | 0,42 |
жай | 124 | 9105 | 244 507 | 26,85 | 0,21 |
күз | 44 | 8000 | 86 765 | 10,85 | 0,25 |
Баары | 420 000 |
| |||
Таблицадан көрүнүп тургандай жаздоолордо малды узак кармоо малчылар үчүн пайдасыз, себеби жайыт акы 2 эселенген тарифтер менен алынат. Күздөөлөргө эрте көчүп келүү да кымбатка турат. Ийкемдүү тариф саясаттарын колдонуу аркылуу арзаныраак жайлоолорду пайдалануу менен мал интенсивдүү жайылган ички жайыттардын абалын сактап кала алабыз. Ички жайыттардан 15-июндан кийин көчпөсө, штрафтык санкциялар менен бирге эки эселенген тарифтерди колдонуу керек. Бул маселелер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынында талкууланып, чечимдер кабыл алынышы керек.
Тоют балансасын түзүү
Мал чарбасындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири –тоюттун жетишсиздиги. Жогоруда белгиленгендей Ак-Моюн айыл өкмөтүндө жайкы жайыттар жетиштүү.
№ | Жайыттардын түрлөрү | Аянты | Алынган дүң түшүм кг |
1 | жаздоо | 7415 | 1557150 |
| жайлоо | 25334 | 10640280 |
| Күздөө, аңыздарды кошкондо | 11696 | 280740 |
| Баары | 44415 | 12478170 |
Айдоо аянттарынын структурасы
Сугат аянтарынан алынуучу тоюттун түрлөрү | Аянты, га | Орточо түшүмц/га | Дүң түшүм, ц |
Арпа | 252 | 16 | 4032 |
Эспарцет | 271 | 65 | 17615 |
Сулуунун чөбү | 160 | 70 | 11200 |
Айдалбаган кысыр аңыз жерден чабылган чөп | 2550 | 15 | 38250 |
Жалпы тоют | х | х | 71097 |
Таблицадан көрүнүп тургандай, айыл аймагынын аймагында көп жылдан бери айдалбай чым басып кеткен аянттар бар Бул аянттардан орточо 15 ц/га чөп чаап алышууда. Бул аянттардын чымын бузуп, көп жылдык баалуу белоктуу тоют болуп эсептелген эспарцетти айдаганга көпчүлүк фермерлердин каржысы жетпейт
Ак-Моюн айыл аймагындагы малдын муктажыгы жана тоют балансы
жалпы мал | 1 күндө 1шмб керектейт,КЗ кг | Бир жылда керектейт,т. | Жайыттар-дан алат,т | Даярдал-ган тоют, т | Баары,т | Жет-пейт, т | Камсыз болуу % |
9100 | 7,5 | 24 911 | 12478 | 7109 | 19587 | -5324 | 78,6 |
Тоюттун жетишсиздигинен малчылар малын кышында талаага айдашат. Кар кетээри менен кайрадан талаага айдап чыгышат. Жайыттар жер ным кезинде малдын туягы менен тапталат. Баалуу тоют өсүмдүгү болуп эсептелген эспарцетти кышында кар тээп оттогон жылкылар,жазында тамыры анчалык терең жайыла элек кезинде,жер жумшакта тамыры менен жулуп жеп, эспарцет аянттары 2 жылдан кийин түшүм бербей калууда.
Асыл тукум иштери
Колхоз тарагандан кийин майда фермердик чарбалар пайда болуп, эч ким селекциялык иштер менен алектенбей калды. Көп жылдык селекция менен чыгарылган кыргыз уяң жүндүү породасы кыска аралыкта эле жергиликтүү кылчык койлор менен аргындашып саны кескин түрдө азайды. Айрым гана фермерлер бул койдун тукумун үзбөй сактап калышты.Куйруктуу кочкорлор алынып келинип, эт багытындагы койлорду өстүрүүгө басым жасала баштады. Бул койлор табигий шарттарга жакшы ыңгайлашкан, этти көбүрөөк берет, бирок жүнү жараксыз. Кийинки 2-3 жыл ичинде уяң жүнгө суроо-талаптар көбөйө баштаганы байкалууда. Ошондуктан ак койду кармоого умтулган фермерлер да бар. Негизгиси ким кандай койду өстүрсө өз эрки, бирок породаларды аргындаштырбай таза кармоо зарыл.
Уйлар негизинен май айларында төлдөйт, себеби уйлармассалык күүгө келген убакта бадада бука жок. Күз мезгилинде букалар жайлоодон келгенде уйларыбыз букадан чыгып жатат. Ошол себептүү кыш мезгилинде сүт продукциясы аз, баасы абдан жогору. Ат-Башы айылындагы сүт заводу кыш мезгилинде иштебей токтоп турат.
Уй чарбасында да селекциялык иштерге көңүл буруубуз зарыл. Айыл аймагы боюнча уйларды жасалма жол менен куудуруу пункту ачылган. Бирок фермерлердин түшүнүгү жоктугунан бул пункт жакшы бутуна туруп кете элек. Эгерде уйларды жасалма жол менен куудуруу пункту 1 жылда 250-300 баш уйду куудурса гана чыгымдарды актап, киреше менен иштейт экен. Бизде анчалык сандагы уйларды куудурууга турган фермерлер жок. Башка айылдарга барып иштөөгө туура келип жатат. Асыл тукум иштеринин маанилүүлүгүн фермерлер түшүнө элек.
Жайыт комитетинин жүргүзө турган иштери.
1. Малчылар арасында түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү менен Ак-Сайга же Беш-Белчир,Кайнарга түз көчүп кетүүсүн уюштуруу.
2. Малчыларды Ак-Сай жайлоосунан кеч көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү
3. Жаздоолорго жайыттын сыйымдуулугуна жараша малды чыгаруу.
4. Мал суу ичүүчү системаны кеңейтип, Кургак-Коого чейин суу чыгаруу
5. Жайыттарды эс алдыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү максатында 1 демонстрациялык участок уюштуруу.
6. Көчмө кыркын пунктун уюштуруу, кыркымчылардын бригадаларын түзүү, кыркынды Ак-Сайда өткөрүүнү уюштуруу.
7. Жасалма жол менен куудуруудан алынган төлдү даңазалоо максатында Бирлик айылында демонстрация уюштуруу
8. Койлордун чар жайыт куутуна жол берилбеши үчүн кочкор багуучу малчы табуу, жакшы жайыт бөлүп берүү.
9. Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуунун орто мөөнөттөгү иш чаралар кийинки таблицада берилди:
Жайыттын аталышы | Аткарылуучу иштер | Аткаруу мөөнөт- төрү | Сарп-та-луучу кара-жат | Жооптуу жак |
Ак-Моюн, Бирлик | Малды ветеринардык кароодон өткөрүү үчүн короо салуу | 2014-жыл | 100000 | Жайыт комитети, айыл өкмөтү |
Чар, Кызыл-Булак | Купканы ремонттоо, септик куруу | 2015-2016 | 200000 | Жайыт комитети |
Сасык-Булак | Эмилдин кыштоосунун алдына көпүрө куруу | 2015-2016 | 250000 | Жайыт комитети, айыл өкмөтү |
Чар | Демонстрациялык участок уюштуруу | 2015 | 10000 | Жайыт комитети |
Айгыр-Жал | Беккер чуңкурун уюштуруу | 2015 | 90000 | Жайыт комитети |
Кургак -Коо | Мал сугаруу системасын кеңейтүү, Кургак-Коого суу чыгаруу | 2017 | 100000 | Жайыт комитети |
Бирлик | Асанов Жамангулдун сарайынын артына 1 көпүрө куруу | 2018 | 200000 | Жайыт комитети |
Ак-Моюн | Уйларды жасалма жол менен куудуруу пунктун ачуу | 2018 | 70000 | Жайыт комитети |
Талаачылыктагы (тоют өндүрүүдөгү) көйгөйлөр
1. Кубаттуу техникалардын жетишсиздиги (каз тамандуу бир да трактор жок, жер дөңгөлөктүү тракторлор менен начар айдалат.
2. Дан комбайндары жокко эсе. Айыл аймагы боюнча 3 даана эски,эксплуатациялоо мөөнөтү эчак өтүп кеткен комбайн калган. Бул техниканын жоктугунан фермерлер дан эгиндерин айдабай калышты. Сырттан сатып келген арпанын баасы кымбат-12-18 сом/кг.
3. Ички ирригациялык каналдардын начардыгы. Азыркы учурда Чыр-Тогоондун суу бөлүштүрүүчү щиттеринин жоктугунан жана арыктын 150 м жерин суу жеп аң кылып кеткендигинен 200 гектардан ашуун аянт пайдаланылбай турат. Чекара-Арык, Момолой арыктары колхоз тарагандан берки 25 жыл ичинде бир да жолу тазалана элек. Натыйжасында каналдар бүтөлүп калып, сугат аянттары сугат мезгилинде суу менен толук кандуу камсыз болбой келек.
4. Майда фермердик чарбалар болгондуктан которуштуруп айдоо системасы жок.
Проблемаларды чечүү жолдору
1. Лизингге кубаттуу техникаларды алуу. (мамлекеттик деңгээлде чечилет)
2.Ички сугат каналдарын ремонтоо (айыл өкмөтү эл менен бирдикте)
3.Которуштуруп айдоо системасын киргизүү (коомчулук өзү жасай алат, бул үчүн фермерлерге билим керек. Эспарцет айдалган талааларда демонстрация өткөрүү зарыл.)
4. Коомдук үрөн фондуларын уюштуруу (сырттан алынып келинген эспарцет үрөнүнүн баасы 70-80 сом/кг)-донорлордун жардамы жана коомчулук менен
5. Чакан техникалык сервистерди уюштуруу Айыл өкмөт башчысынын жана коомчулуктуктун демилгеси менен. Мындай кадамдар жасала баштады. 2014-жылдын жазгы айдап-себүү жумуштары жакшы аяктады. Эми тоют жыйноодо да ушундай техсервистер уюштурулушу зарыл.
Айдоо аянттарынын структурасын өзгөртүү. Түшүмдүү тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү (сулуу,эспарцет, тоют кызылчасы) –коомчулук өзү чече алат.
3-бөлүм Малдын ден соолугу
Врачтар адамды дарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт
Кириш сөз.
Кийинки мезгилде мал ылаңдары көбөйүүдө. Бул болсо экономикалык зор жоготууларды алып келет.Дагы бир чоң социалдык маселе жаралууда,ал малдан адамга жугуучу оорулар (бруцеллез, эхинококкоз, сибир кулгунасы ж.б). “Айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү” долбоору аркылуу бруцеллез оорусуна каршы эмдөөлөр жакшы натыйжа берди. Бул оору менен ооруп, медициналык мекемелерге кайрылгандардын саны дээрлик 2 эсеге азайды. Бирок эхинококкоз менен ооруган адамдардын саны өсүүдө.
Ак-Моюн айыл аймагында 2013-жылы менен 2 адам эхинококкоз оорусуна чалдыгып операция болгон. 2013-жылы 1 киши бруцеллез 6 адам туберкуллез оорусу менен ооругандыгы катталган. (ФАПтын маалыматтары боюнча)
Район боюнча өткөн 2013-жылы 25 адамга эхинококкоз оорусуна операция жасалган.
Республика боюнча ветеринариянын начардыгынан кийинки кезде жугуштуу ылаңдардын очогу чыга калууда. Мисалы акыркы 2013-жылы кошуна Ак-Муз айыл аймагында 18-ноябрда, Кара-Суу айыл аймагында июлда күл (оспа) катталган. Ак-Моюн айыл аймагында 2012-жылдын декабрында кутурма оорусу катталса, 2014-жылдын январь айында Торугарт бажы бекетинде катталды. Бүткүл район боюнча шарп ылаңы мезгил мезгили менен чыгып, оор экономикалык жоготууларга алып келип жатат.
Тоолуу районубузда өндүрүлгөн мал чарба продукциялар сапаты , экологиялык жактан тазалыгы менен айырмаланат. Бирок эпизоотиялык абалдын туруксуздугунан, малды идентификациялоонун жоктугунан мал чарба продукцияларыбызды чет мамлекеттерге сата албай жатабыз.
Ветеринария кызматынын абалы да оор болууда. Жогорку билимдүү ветеринарлар жетишсиз. Айылда катталган 3 ветеринардык сервис бар. Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын калк төлөп бере алышпайт Бул бөлүмдө кеңири таркаган оорулардын мүнөздөмөсү, ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын планы берилди. Жайыт комитетинин, малдын ден соолугун коргоо топторунун малдын ден соолугун коргоо боюнча жүргүзө турган иш чараларынын планы камтылды.
3.1 Малдын кеңири тараган оорулары
Кийинки таблицада сөзсүз түрдө эмдөөлөрдөн өтүүчү оорулар жана алар менен күрөшүү чаралары берилген. ( бул ооруларга каршы вакциналарды мамлекет берет.
Оорунун аталышы | Кай-сы мал оо-руйт | Оорунун булагы | Клиникалык белгилери | Мез-гил | Дарылоо мүмкүнчүлүгү | Алдын алуу |
Си-бирь кулгу-насы | Баар-дык Мал жана адам-дар | Ылаңдаган Малдын кыгы заарасы, топурактагы бактериялар,өлгөн малдын тарпы көмүлгөн жер, ылаңдаган малдын этин сүтүн колдонуу | Дененин ысышы, титирөө, тез-тез дем алуу, өлгөн малдын каны уюбай калышы, баардык тешиктерден кан аралаш көбүк кетиши | Баардык мезгилде,айрыкча эрте жазда. | Антибиотик-тер, тез арада кабар берүү | Өлгөн малдын тарпын өрттөп, терең көмүү, малды көзөмөлү же уруксаты жок союуга тыюу салынат |
Бру-цел-лез | Баар-дык мал (жылкы сейрек ооруйтжана адамдар | Ылаңдаган мал жана алардан алынган заттар.ара туулган төл жана алардын тону (чөбү) | Ургаачы мал бооздуктун экинчи жарымындагы ара туут, төлдүн чөбүнүн түшпөй калышы, тууттан кийин жыныс органдарынан киргил түстөгү илээшчек суюктук, жатындын сезгениши Эркек мал-жыныс органдарынын сезгениши | Баар-дык мез-гил, ай-рык-ча туут мез-гили | Мал үчүн дарылоо иштелип чыгылган эмес. Оору канды текшерүү жолу менен аныкталат. | Кой-эчки-лерди эмдөө, бодо малдын канын текшер-түү.өздүк гигиена, сүт жана Мал чарба азыкта-рын кайнаткандан кийин гана пайда-лануу |
Кутур-ма | Баар-дык мал жана адамдар. | Келемиштер, түлкү,карыш-кыр, ылаңдаган мал, же вирусту алып жүрүүчү жаныбарлар тиштегенде | Оорунун буулукма формасында агрессивдүүлүк пайда болот,андан кийин шалдайып, булчуңдары тырышат, 10 күн аралыгында мал өлөт. | Баар-дык мез-гил | Эффективдүү каражат жок. Ылаңдаган малды тез жок кылуу, тиешелүү органдарга кабар берүү | Эмдөө, ылаңдаган малды тез жок кылуу |
Шарп | Уй, ача туякту-лар | Ылаңдаган мал, булганган аба | Малдын оозунан чоюлчаак шилекей агып,табити жоголот, денесинин температурасы жогорулайт, ооз көңдөйүндө , желинде, туяктардын салааларында ыйлаакчалар жара пайда болот | Баар-дык мез-гилде | Ылаңдаган малды бөлүү, оозун асептикалык каражаттар менен жууш керек, желинге, туяктарына антибиотиктерди мазь менен аралаштырып сыйпоо. | Эмдөө,ка-рантин, колдонгоншайман-дарды, кийимдер-ди дезинфек-циялоо |
Оспа (күл) | Кой жана эчки | Ылаңдаган жана айыккан мал, булганыч чөйрө, шаймандар | Дененин температурасы жогорулайт, терисинин жана чел кабыкчалардын өзгөчө желин, көз, мурундун тегерегеги же жүнү аз жерлердин жара болушу ириң толгон ыйлаакчалар , исиректер пайда болот. Өлүм 60-100% ке жетет. | Баар-дык мез-гилде | Атайын дарылоочу каражат жок. Кабылдоодон сакташ үчүн антибиотиктердер, мазь колдонулат | Эмдөө |
Жогорудагы оорулар (сибирь кулгунасынан башкасы ) айыл аймагынын малдарында кездешет. Сибирь кулгунасынын өтө коркунучтуулугун эске алып, ал ооруга каршы эмдөөнү сөзсүз жүргүзүшүбүз керек. Карасан оорусуна каршы вакцина мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланбайт, бирок малды сөзсүз эмдөөдөн өткөрүү зарыл.
Аталган оорулардан сырткары өпкө, боор, ичеги курт оорулары : (монезиоз, боор курт /фасцилиоз, эхинококкоз) котур, чакалай бар.
3.2. Ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын планы
Төмөндө ветеринардык профилактикалык иш-чаралардын календарлык планы берилген.
Мал түрү | Оорунун аталышы | Дарылоо мезгили | Ирээт-түүлүгү | Эмдөөгө кеңеш |
Бардык жылуу кандуу-лар | Сибирь кулгунасы | Жаз,күз | Жылына 2 жолу | Очокко жакын аралыктагы малдардын баарын эмдөө |
Кутурма | жаз | Жылына бир жолу | Очокко жакын аралыктагы жандыктын баарын эмдөө, профилактикалык эмдөөнү 6 айдан өткөн ит. Мышыктан баштап жвл сайын эмдөө жүргүзүү | |
Бодо мал | Карасан | жаз |
| Жайытка чыгаардан 2 жумадан кем эмес 6 айдан 4 жашка чейинки мал жыл сайын эмделип турушу керек |
Окура | күз |
| Ивермек 200 мг/кг салмагына жараша сайылат же Негувона эритмеси мг/ 15 кг салмакка жонуна куюп чыгат | |
Чакалай | Бар-дык мез-гилде | Жылына бир жолу | Жазында 1 айлык музоолорду ЛТФ-130 вакцинасыменен эмдөө | |
Шарп | күз |
| Баардык малды 3-4 айынан баштап үч валентүү вакцина менен эмдөө | |
Бодо мал, кой жана эчки | Монезиоз, Диктокаулез, боор курт
| Жаз жана күз |
| Ивермек (Ивомек,Баймек) препараттары менен 1 мг/ 15 кг салмакка |
Кой жана эчки | оспа | Жаз жана күз |
| Кениявак вакцинасы менен 3 айлыктан баштап эмдөө |
Бруцел-лез | Жаз жана күз | Өмүрүндө бир жолу | Баардык тубар койду жана эчкини күзүндө 3 айга толгон козу улактардын канын текшербестен туруп көзүнө Brucevac тамчылатып эмдөө керек. | |
Котур | Жаз жана күз |
| Неоцидол-60 инструкциясынын негизинде купкага салуу же Иверектин (Баймек, Аверсект,Ивермек) препараттарын инструкциясына жараша саюу | |
Ит жана мышык | Эхино-коккоз | Баар-дык мез-гилде | Кварталына 1 жолу | Празиквантел (1 таблетка/ 10 кг салмакка менен митесиздендирүү |
Мындан сырткары бруцеллез оорусун изилдөө үчүн уйдан жана бээлерден канын текшертүү зарыл Жылкыдан кеңги(трипанозомоз), сап ооруларын изилдөөгө кан текшерилет. Туберкуллез оорусуна диагностика коюлат.
3.3.Ветеринардык кызматтарга акы төлөө
Мал ээлеринин мал ылаңдарына маани бербегендиги чоң көйгөйлөрдү жаратууда.
Ошол себептен өткөрүлгөн ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын акысы өз убагында төлөнбөй, ветеринардык сервистер бутуна туруп кете албай жатышат. Учурда ветеринарлар сарайларды кыдырып ири мал ээлеринин малдарын дарылашууда. Ал эми айылдагы малдар ветеринардык тейлөөдөн аз өтүп жатышат. Бардык мал планда көрсөтүлгөн эмдөөлөрдөн өткөн жок. Жайыт комитетинин жакынкы жылдагы иш –пландарына бардык ветеринардык кызматтардын акысын мал ээлеринен чогултат. Төлөнгөн акчага квитанция кыркып берет.
Кой-эчкиге сибирь кулгунасына,оспага,бруцеллезго каршы эмдөөлөрдүн акысы мисалы, төмөндөгүдөй болот: ветеринардын акысы 1 койго 5сом. Малды кармап берүү,белги салуу -2 сом. Баары 7 сом Эмдөөдөн өтүүчү малдын саны такталат.
Койду купкалоо жазында 1 кой-эчкиге 5сом, күзүндө 7 сом. Малды купкага салган жардамчыларга жазында 4 сом, күзүндө 5 сом. Жалпысы жазында 9 сом, күзүндө 12 сом. (Күзүндө кой жүндүү болот,раствор көп керектелет, козу-улактар чоңоюп калышат). Мал купкалоого препараттарды ветеринарлар камсыз кылышат, ал эми жардамчы жумушчуларды жайыт комитети менен малдын ден соолугун коргоо тобу уюштурат. Малды дегельментизациялоо мал ээлеринин каражаты менен жүргүзүлөт.
Малдын ден соолугун коргоо боюнча жайыт комитетинин жүргүзө турган иштери
1. Малдын ден соолугун коргоо тобу менен бирдикте ветеринардык адистерди жалдоо.
2. Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин иштеп чыгуу, вет. адистер , мал ээлери менен макулдашуу.
3. Малдын ден соолугун коргоо тобу менен бирдикте вакцинация, эмдөөлөрдү жүргүзүү, койлорду купкага салуу мезгилдеринде убактылуу жумушчуларды
жалдоо
4.Малды дегельментизациялоого көзөмөл жүргүзүү
5. Аткарылган ветеринардык-профилактикалык иштерге көзөмөл жүргүзүү.
6. Айылдын ден соолук комитети, малдын ден соолугун коргоо тобу жана ФАП кызматкерлери менен бирдикте бруцеллез, эхинококкоз оорулары боюнча окууларды уюштуруу.
Экология маселелери
Көчмөн малчылыр жаратылышка аяр мамиле кылышып, жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга аракет жасашкан.Бир жайыттан экинчи жайытка төөгө жүгүн артынып, малга ыңгайлуу жайыттарга тез-тез журт которуп турушкан. Кышка тоют даярдалган эмес, малын жалаң жайыттан алынган тоют менен багып турушкан. Малдын куутун ,туутун жылдын ыңгайлуу мезгилине пландап, жайыттарды кыштоо,жаздоо,күздөө, жайлоо деп бөлүп алышып пайдаланышкан. Жайыттарды пайдалануунун эрежелерин так сакташкан. Айыл аксакалдарынын айтуусунда жаздоолор азыркы Чар,Сасык-Булак участкалары болгон. Малы “төө куйрук гүлдөгөндө”, башкача айтканда май айынын аягында төлдөгөн. Койлорун июнь айларында кыркып алып , “козу көчүш” менен, азыркы тил менен айтканда малды жаш козу улактар чарчабагандай кылып айдап, Ак-Сай өрөөнүндөгү жайлоолорго жеткиришкен. Акырындык менен малдарын жайып отуруп, малын Тоюнга (Кытай Эл Республикасы) кыштатышкан. Кулундар байланган желенин айланасындагы чөп уйпаланганда башка жайыттарга көчүшкөн. Эч качан жайлоолордо малын короого камаган эмес. Көчүп кеткен журттагы таштандыларды тазалап, журтту таза кармашкан. Малды да белгилүү маршруттар менен биринчи журттан экинчи журтка айдашкан. “Кыр жол”, “Сарт жол ” деген жолдор азыркыга чейин сакталуу.
Элде “сары журт болуптур” деген термин бар. Бул бир эле жайытты көчпөй узак пайдаланып, боз үй тиккен жер саргарып кеткендигин түшүндүрөт.
Тилекке каршы , ата-бабалардын мыйзамга жазылбаган жайыт пайдалануу эрежелери азыркы малчылар үчүн “норма” болуп эсептелбей калды. Малчылар жайлоолорго техника менен көчүшөт. Көчүп келгенден күзгө чейин бир жерде “сары журт” болгуча малдарын зым короого камап коюшат. Мал жайытка малчылар каалаган убакытта чыгат. Жаанчыл болгон жылдары мал шалтактап, таанылбай калат. Натыйжасында мал жакшы ирденбей, чабырлар көп чыгат. Экологияга да орду толгус зыян алып келет.
Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай зым короо тартылган, ат байлаган мамынын орду жайыт участогу лайдаланууга жараксыз болуп калат.
Кыргыз элинде “суу сыйлаган зор болоор, суу сыйлабаган кор болоор” деген учкул сөз бар. Бул сөз жайыт пайдаланууда актуалдуулугун жоготпошу керек. Азыркы малчылар боз үйлөрүн булактын, суунун жээктерине өтө жакын тигишет. Натыйжасында суулар малдын кыгы менен булганат.
Жагылган оттун күлү ар кайсы жерге төгүлүүдө. Таштандылар, айрыкча целлофандар шамал болгондо учуп, жайыттарды булгоодо.
.
Экологияга олуттуу зыян малды купкалоочу жайлардан келет. Азыркы учурда койлорду купкалоону каалаган эле киши жүргүзүп, каалаган жерге –негизгиси суу жакын болсо болгону, уюштуруп жатышат. Көчмө купка уюштуруп алгандар да бар.Купкадан чыккан саркындылар (калдыктар) жерге төгүлүүдө. Неоцедол куюлган идиштер, дарынын флакондору чогултулуп, жерге көмүлүшү зарыл
Экология боюнча жайыт комитетинин жүргүзө турган иштери
1. Жайыттарга басымды туура аныктоо, жайыт планы боюнча малды жайгаштыруу
2. Чар участкасындагы , Кызыл-Булактагы эски купкаларды оңдоо, септик куруу.
3. Алыскы жайлоолордогу конуштардын абалына экологиялык инспекция менен бирдикте көзөмөл уюштуруу. ( сезон учурунда эң кеминде 2 жолу)
4. Ветеринарлар, малчылар арасында түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү.