Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-январы № 23/1
Ноокат районунун прокурорунун 2015-жылдын 14-январындагы “Төөлөс айылдык кеңешинин 2013-жылдын 23-апрелиндеги 5-1 сандуу токтомуна карата” жазылган № 7/15 сандуу каршылык билдирүүсү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун прокурорунун 2015-жылдын 14-январындагы “Төөлөс айылдык кеңешинин 2013-жылдын 23-апрелиндеги 5-1сандуу токтомуна карата” жазылган № 7/15 сандуу каршылык билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-абзацына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин 4-бөлүмүнө негиз Төөлөс айылдык кенешинин 2013-жылдын 23-апрелиндеги №5-1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |