Редакцияот 15.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 15-марты № 3-6

Төөлөс айылдык округунун Жайылма айылынын 2013-жылдын 24-январындагы «Жайылма Жаштык Ордо» коомдук фондун түзүү боюнча №1 протоколун бекитүү жөнүндө

Төөлөс айылдык округунун Жайылма айылынын 2013-жылдын 24-январындагы «Жайылма Жаштык Ордо» коомдук фондун түзүү боюнча №1 протоколун угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айылдык округунун Жайылма айылынын 2013-жылдын 24-январындагы «Жайылма Жаштык Ордо» коомдук фондун түзүү боюнча №1 протоколунун биринчи, экинчи жана төртүнчү бөлүмдөрү бекитилсин.

2. Жайылма жаштык ордо фондуна жер ажыратып берүү жагы Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн

3. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо жөнүндө туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳѳлѳс айыл аймагынын

айылдык кеңешинин тѳрагасы:

 

З. Тѳлѳнов