Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-апрели № 5-1
Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Толман айылынын жалпы жашоочуларынын 2013-жылдын 14-апрелиндеги протоколун бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Толман айылынын жалпы жашоочуларынын 2013-жылдын 14-апрелиндеги протоколун угуп жана талкуулап айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Толман айылынын жалпы жашоочуларынын 2013-жылдын14-апрелиндеги протоколу бекитилсин.
2. Толман айылынын тургуну Анарбаев Базарбайдын арызына негиз Толман айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү каналдын асты жагындагы өзүнүн үлүш жеринин үстүндөгү пайдаланууга жараксыз жерден 0,03 га жер аянты турак жай курууга берилсин.
3. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |