Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-февралы № 12-10
Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Кур-Таш бөлүмүнөн Ынтымак айыл өкмөтүнөн Каримберди бөлүмүнө өтүүчү жана курташ бөлүмүндө жайгашкан калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында орнотулуучу суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Кур-Таш бөлүмүнөн Ынтымак айыл өкмөтүнөн Каримберди бөлүмүнө өтүүчү жана курташ бөлүмүндө жайгашкан калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында орнотулуучу суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жер ажыратып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Кур-Таш бөлүмүнөн Ынтымак айыл өкмөтүнөн Каримберди бөлүмүнө өтүүчү жана курташ бөлүмүндө жайгашкан калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында Кур-Таш бөлүмүндөгү калктуу конуштун ички жолдорунун боюнан, жалпысы болуп узундугу 4650,00метрди түзгөн суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Кур-Таш бөлүмүнөн Ынтымак айыл өкмөтүнөн Каримберди бөлүмүнө өтүүчү жана курташ бөлүмүндө жайгашкан калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында орнотулуучу, узундугу 4650,00метрди түзгөн суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жер ажыратып берүү жагы Төөлөс айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жер аянтына тиешелүү болгон архитектуралык пландоо шарттарын жана башка архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин суу, айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча комитетине тапшырылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |