Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 13-1
Төөлөс айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын “калктуу конуш” категориясына которуу жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн башка категориялардагы жер аянттарын “калктуу конуш” категориясына которуну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын “жер участокторун которуу (транформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын 8 беренесинин 3-пунктуна ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер аянтары боюнча ветеринардык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбооруна ылайык, жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн “ыңгайсыз жер”, “Кысыр аңыз”, “Таштуу Жайыт”, “Шагыл”, “Парник”, “Бак”, “Таза Жайыт”, “Тоют даярдоо”, “огород”, “чөп сактоочу жай”, “суу түтүкчөлөрүнүн станциясы” жана “айдоо”, категорияларындагы жер аянттарын “калктуу конуш” категориясына которуп (Транформациялап) берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Тѳѳлѳс айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
З. Тѳлѳнов |