Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 16-4
Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Абытов Каныбектин 2014-жылдын 16-июлундагы “Додон балбан сарайынын жанында жылда 21-март Нооруз майрамына карата улуттук күрөш өткөрүү үчүн, күрөшүү жайын даярдоого акча каражатын ажыратуу туралуу ”сураныч каты жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Абытов Каныбектин 2014-жылдын 16-июлундагы “Додон балбан сарайынын жанында жылда 21-март Нооруз майрамына карата улуттук күрөш өткөрүү үчүн, күрөшүү жайын даярдоого акча каражатын ажыратуу туралуу ”сураныч каты Айыл өкмөт карап туруп айылдык кеңештин Экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк туруктуу комиссиясына сунуштасын.
2. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн
Төөлөс айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|