Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVII сессиясы
2014-жылдын 26-июлу № 17-2
Кеңеш айылынын тургундарынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 13 протоколу жөнүндө
Кеңеш айылынын тургундарынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 13 протоколун карап жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылынын тургундарынын 2014-жылдын 18-июлундагы №13 протоколу бекитилсин.
2. Төөлөс айыл аймагынын Кеңеш айылына жаңыдан курулуп пайдаланууга берилип жаткан мектепке Социалистик эмгектин баатыры Кеңеш айылынын тургуну Гапар Тешебаевдин наамын коюуу үчүн макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
4. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун айылдык кеңешинин Социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо жөнүндө туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|