Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVIII сессиясы
2014-жылдын 27-августу № 18-5
Төөлөс айыл аймагынын Жайылма айылынын тургундарынын 2014-жылдын 1-августундагы жана 25-мартындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү протоколдору жөнүндө
Угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын Жайылма айылынын тургундарынын 2014-жылдын 01-августундагы протоколу канаатандырылсын.
2. Төөлөс айыл аймагынын Жайылма айылынын тургундарынын 2014-жылдын 25-мартындагы протоколу өзгөртүүлөр киргизилип жаңы конушка эмес көчөсүнө аты берилсин деп канаатандырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин Социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо жөнүндө туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|