Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы
2014-жылдын 22-сентябры № 19-1
Төөлөс айыл аймагында жаныдан ачылып пайдаланууга берилген балдар бакчалары, мектептер үчүн электр энергиясынан кошумча лимит кошуп берүү жагы жана көмүр менен кошумча келишим түзүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагында жаныдан ачылып пайдаланууга берилген балдар бакчалары, мектептер үчүн электр энергиясынан кошумча лимит кошуп берүү жагы жана көмүр менен кошумча келишим түзүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагында жаныдан ачылып пайдаланууга берилген балдар бакчалары, мектептерге электр энергиясы жана кошумча көмүр сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Жергилктүү бюджеттин сметасында 4-кварталда айыл чарба 704-бөлүмүндө түрдүү чыгымдар беренесинен 148000сом жана элге билим берүү 709-бөлүмдөн ремонт иштерине каралган беренесинен 418100сом баары болуп 566100сом акча каражатын 709-элге билим берүү бөлүмүнүн электр энергиясы менен эсептешүү беренесине 323 200сом ал эми 242 900сомду көмүр сатып алуу беренесине өзгөртүп которулсун.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизип берүү жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
5. Ушул токтом боюнча аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Төлөнов
|