Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-августу №27
Акман айыл аймагынын 20142017-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин төрагасы А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын 2015-2019-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу боюнча иш план бекитилсин.
2. Иш пландын негизинде жоопкерчиликтүү иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакулов иш пландын негизинде алынып барылган ар бир иш чара боюнча бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жазуу түрүндө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|
Акман айыл аймагынын 2015-2019- жылдарга стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу боюнча Иш планы Юстиция министирлигинин архивинде сакталат.