Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-августу №28.
Акман айыл аймагындагы муниципалдык жерди бекитүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы К.Таштанбеков көчөсүнүн сол тарабында жайгашкан арыктын үстүнөн 0,10 га бош жаткан жер аянты муниципалдык менчик болуп бекитилсин.
2. Бекитилген 0,10га муниципалдык жердин юридикалык иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Муниципалдык жерди каттоо жана мамлекеттик актысын даярдоо райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |