Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-августу №29
Колот айылындагы эски мектептин имаратынан 3 бөлмөнү жана мектептин аянтынан 0,38 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуникаңиялар жана архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Колот айылындагы эски мектептин жанындагы кошумча 3 бөлмөлүү имараты жана ошол эле мектептин аянтынан 0,38 га жер аянты бала бакча курууга ажыратылып берилсин.
2. Бала бакча куруу үчүн ажыратылып берилген 0,38га жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мамлекеттик актысын даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Бала бакча куруу үчүн ажыратылган жердин техникалык документтерин даярдоо райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акман айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуникациялар жана архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов
|