Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 04-марты №51
Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы борбордук стадионго мамлекеттик мөөнөтсүз акт алуу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн адиси С.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы борбордук стадионго 2,28 га жер аянтына мамлекеттик мөөнөтсүз актысы алынсын.
2. Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Акман айылындагы борбордук стадионго 2.28 га жер аянтына мамлекеттик мөөнөтсүз акт алуу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |