Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 04-майы №109
Улуу Ата мекендик согуштун 70 жылдыгынын урматына ар бир мектептерге атайын бурч уюштуруу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин төрагасы А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата согуш ардагерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу менен алардын өмур жолу кылган эмгектери. өрнөктүү жолдору менен келечек муундардын патриоттук сезимдерин ойготууга жана туура тарбиялоо максатында атайын оурчтар уюштурулсун.
2. Бул боюнча атайын иш план түзүп, иш планда белгиленген иш чараларды аткаруу жана уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |