АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы №8
Турак жай куруу үчүн берилген жана берилүүчү жерлердин мыйзамдуулугу жөнүндө
Акман айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы А.Сариевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖАМУ менен Акман айыл округунун ортосундагы келишимдин негизинде Акман айыл округунун тургундарына турак жай куруу үчүн берилип жаткан жерлердин мыйзамдуулугун мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссия тактап чыкканга чейин жерге токтом берүү токтотулсун.
2. Акман айыл округундагы турак жай куруу учүн мыйзамсыз берилген жерлерди ген.планга киргизүү жана трансформациялоо Акман айыл округуна жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы М.Ажиматовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин торагасынын орун басары Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |