Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы №9
Акман айыл округунун аймагында эл аралык жана донордук уюмдар менен аракеттенүү жөнүндө
Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы Айыл өкмөтүнүн аймагында эл аралык уюмдар тарабынан аткарыла турган долбоорлорду ишке ашырууда өкмөттүк салымды камсыздоону айыл өкмөтүнүн бюджетинен кароо боюнча Акман айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун аймагында эл аралык уюмдар тарабынан аткарыла турган долбоорлорду ишке ашырууда өкмөттүк салымды берүү айыл өкмөтүнүн бюджетинен кароожаты белгиленсин.
2. Токтомду аткаруу жагы бюджет, каржы, муниципиалдык менчик жанаинвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Таштановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |