Редакцияот 28.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-январы №10

Акман өнүгүү фондун түзүү жөнүндө

Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы Акман айылдык Кенештин депутаты М.Коконовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл округунун аймагында «Акман өнүгүү фонду» түзүлсүн.

2. «Акман өнүгүү фондунун» уставын түзүү жана юстиңиядан каттоодон өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда турган жумушчу топ түзүлсүн:

Коконов Марсел

Өсөркулов Актилек

Сопуев Курманбек

Калыков Шайырбек

Мергенбаев Абжалил

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов