Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы №11
Акман айыл округунун аймагында сел коркунучун алдын алуу боюнча иш чараларды көрүү жөнүндө
Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы күн тартибиндеги маселе боюнча Акман айылдык Кеңешинин төрагасы А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун аймагында сел коркунучун алдын алуу боюнча айыл округунда атайын иш чаралар түзүлсүн жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү мекемелер менен алдын ала иш чараларын жүргүзүү белгиленсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл округуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |