Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-марты №15
Акман айыл округунун 2013-жылдын бюджетин жана 2014-2015-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Акман айыл округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республикалык бюджета жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө 2012-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып ошондой эле бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл округунун 2013-жылга бюджета кирешелер жана чыгашалар боюнча 34 476 200 сом суммасында, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен -2 935 000 сом; тендөөчү грант - 2 403 700 сом; категориалдык грант-29 137 500 сом суммасында бекитилсин.
2. Акман айыл округунун 2012-жылдын планынан ашыкча түшкөн 259 700 сом акча каражаты 2013-жылдын чыгаша бөлүгүнө жумшалсын.
3. Айыл округунун 2014-2015-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2014-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 34 112 000 сом суммасында, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен -2 635 000 сом; теңдөөчү грант - 2 339 500 сом; категориалдык грант -29 137 500 сом суммасында бекитилсин.
2015-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 34 340 400 сом суммасында, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен -2 842 000 сом; тендөөчү грант - 2 360 900 сом; категориалдык грант -29 137 500 сом суммасында бекитилсин.
4. Резервдик фонд 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү" мыйзамдын 21-статьясына ылайык Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга 69 700 сом болуп бекитилсин.
5. 1998-жылдын 1 1-июнундагы №78 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү" мыйзамдын 23-сгатьясына ылайык Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү 30 000 (отуз миң) сом болуп бекитилсин.
6. Токтомду аткаруу жаңы Акман айыл округунун башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн
7. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |