Редакцияот 22.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-ноябры №55

Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин "2013-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн өлчөмүнө жакынкы жайыттын арендасын көтөрүүгө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" буйругуна негиз жана Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 5-мартындагы "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетин жана 2014-2015-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндөгү" №15 токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Акман айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын жана бюджет, каржы. муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү кошумча 21 900 (жыйырма бир миң тогуз жүз) сом акча каражаты менен бекитилсин.

2. Кошумча каражаттардын сметалык сарпталышын №1 тиркеме ылайык жүргүзүү Акман айыл өкмотүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Таштановго жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов

 

 

Акман айылдык кеңешинин "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө " 2013-жылдын 22-ноябрындагы №55 Токтомуна №1 Тиркеме

 

701 р

 

Статья 22156900 -21 900 сом   Түрдүү чыгымдарга

 

Жыйынтыгы: -21 900 сом

 

Жалпы жыйынтыгы: -21 900 сом