Редакцияот 22.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-ноябры №57

Акман айыл округунун Кош-Коргон айылындагы жаңы бала бакчаны уюштуруу жөнүндө

Акман айыл аймагынын Кош-Коргон участкасындагы мечитти балдар бакчасы кылып берүү боюнча Кош-Коргон, Жараке айылдарынын тургундарынын арызын канаттандыруу жөнүндө, Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылындагы мечитти балдар-бакчасына муктаж ата-энелердин арызы канааттандырылып, имаратты ремонт кылуу менен, мыйзам чегинде Балдар-Бакчасына өткөрүлүп берилсин.

3.  Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Агакуловго милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарыТ.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов