Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 03-марты №2
Жумгал районунун аймагында таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Жумалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районун аймагында таза суу боюнча райондук деңгэлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджет массалык маалымат каражаттарын (jumgal. kg веб-сайты) жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Жумалиевге жүктөлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жапаров
|