Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июлу №3
Көк-Ой айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык Кеӊешин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы «Көк-Ой айылдык Кеӊеши деп кайра атоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык Көк-Ой айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Ой айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин аталышы Көк-Ой айыл аймагынын Көк-Ой айылдык Кеӊеши болуп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Төлөгөновго жүктөлсүн.
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Көк-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Өмүкеев |