Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы №1-3
Жумгал районун аймагында таза суу боюнча райондук деңгэлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районун аймагында таза суу боюнча райондук деңгэлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджет массалык маалымат каражаттарын (jumgal. kg веб-сайты) жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Бектуровго жүктөлсүн.
Таш-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Сейдикалыкова |