Загрузка документа…
НООКАТШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-1
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жаңы окуу жылына карата даярдыгындагы кемчиликтеринин тез арада аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы балдар бакчаларынын санитардык-гигиеналык талаптардын эрежелерин сактоосу эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |