Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-2
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын кышка даярдыгына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын кышка карата даярдыгына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы жарандык коргоонуу боюнча бөлүнгөн 702 статья үчүн ажратылган акча каражатынын эсебинен төмөнкү бюджеттик билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жылытуу системаларын ремонттоо үчүн:
-Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин отканасынын ичиндеги винтилдер (кранниктер), трубаларды жанылоо үчүн материалдык жардам катары-43 800 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин от жагуучу жайдын жылуулук системасынын суусун жүргүзүү үчүн жаны 15-22 квт насос коюу үчүн материалдык жардам катары-61 800 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы №4 “Кара-Турпак” балдар бакчасынын төртүнчү группа канасынын полун алмаштырууга-47 000 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы У.Салиева балдар бакчасынын кышкы жылытуу сезонуна даярдоо үчүн керектелүүчү буюмдарды алууга-47 400 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |