Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-4
Ноокат Суу канал”-ишканасынын калкка таза сууну категориялары боюнча пайдалануу нормаларын бекитүү жөнүндө
Ноокат Суу канал”-ишканасынын калкка таза сууну категориялары боюнча пайдалануу нормаларын бекитүү жөнүндөгү “Ноокат Суу канал”-ишканасынын директору З Камаловтун Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын атына жазган катын жана муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Суу канал”-ишканасынын калкка таза сууну категориялары боюнча пайдалануу нормалары 1 адамга сарпталуучу нормасы 1 суткада төмөндөгүчө бекитилсин:
-Көчөдөгү суу чоргосу үчүн-35 литр;
-үйдөгү суу чоргосу үчүн-65 литр.
2. ”Ноокат Суу канал”-ишканасынын калкка таза сууну категориялары боюнча пайдалануу нормалары 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап колдонулсун.
3. Токтомдун бир нускасы “Ноокат суу канал” ишканасынын башчысына берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |