Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-5
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отурум
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын тургуну Маматхалилова Бувайшага тиешелүү болгон Ноокат шаарына караштуу XXV Партсьезд атындагы көчөсүнүн №26 үйүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги 1500 чарчы метр турак жайынын ичинен 314 чарчы метринин багыты коммерциялык дүкөн жана автоунаа техникаларын оңдоочу устакана деп өзгөртүлсүн.
2. Ноокат районунун Гүлистан айылынын Мулла Полат атындагы көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну Абдалимов Абдулбаннабга тиешелүү болгон Ноокат шаарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги эмерек сатуучу дүкөнүнүн багыты ашкана деп өзгөртүлсүн.
3. Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |