Загрузка документа…
НООКАТШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-6
“Коен талаа” суу башатын тосуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
”Коен талаа” суу башатын тосуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Суу канал” ишканасына жарыяланган тендерден үнөмдөлүп калган акча каражатынын эсебинен ”Коен талаа” суу башатын тосуу үчүн 26 000 сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |