Загрузка документа…
НООКАТШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-7
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатын арыл болгон чыгымдарга жылдыруу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынын үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
-Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебинин жылуулоо жана мектепке караштуу от жагуучу мещти ремонттоо иштери үчүн-70 900 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Т.Умиров атындагы көчөсүнө 4 даана труба коюу үчүн-34 000 сом;
-Ноокат шаар мэриясынын имаратынын туруктуу таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүгүн орнотууга-10 000 сом;
-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 24-жылдыгын салтанаттуу тосуп алуу үчүн “Ноокат Коммунальшик” ишканасына 90 000 сом;
-Ноокат шаар мэриясынын имаратындагы компютерлерди интернетке кошуу үчүн кабель жана материалдарды алууга-23 000 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |