Загрузка документа…
НООКАТШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № XXV-8
Ноокат шаарынын аймагындагы Шаар маалла көчөсүнүн асфальтоого акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Шаар маалла көчөсүнүн асфальтоого акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ноокат шаар кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын аймагындагы Шаар маалла көчөсүнүн асфальтоо үчүн 1 025 958 (бир миллион жыйырма беш миң тогуз жүз элүү сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жогорудагы аткарыла турган жумуштарга смета даярдап бергени үчүн 10 259 (он миң эки жүз элүү тогуз) сом ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Гафаров |