Редакцияот 15.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Теплоключенка айылдык Кенешинин XXVI чакырылыш ХXIX сессиясы

 

2015-жылдын 15-июлу №33

«Ак-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө

 «Ак-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору К.Тыналиевдин 2015-жылдын 29-июнундагы кайрылуусун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теплоключенка айыл аймагынын калкы үчүн МТЗ-82 экскаватор-тракторунун, жүктөөчү (погрузчик) бир саатка иштетиле турган жана 1куб. жерди казуунун тарифи (күйүүчү майы менен бирге) төмөнкүдөй бекитилсин:

Экскаватор МТЗ-82

1 саатына 688 сом

1 м 3 100 сом

Жүктөөчү (погрузчик)

1 саатына 643 сом

-

Кайра көмүү

-

1 метр 20 сом

 

2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.

3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы “Ак-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын мүдүрү К.Тыналиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.

 

Теплоключенка айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Джаныбеков