Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 02-февралы №24/3

Ак-Муз айылынын тургуну Ырсалиева Эркенин там сарай салганга жер сурап жазган арызы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин мыйзамына ылайык, Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын № 116 контурдагы жайыт жеринде эски бузулган жер төлөөнүн орду экенин аныктаган 12.12. 2014-жылдагы № 236 аныктамасына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши

ТОКТОМ КЫЛЫТ:

6. Ак-Муз айылдын  тургуну Ырсалиева Эркеге Боронду участкасындагы № 116 контурундагы эски короонун ордунан там, сарай салганга 0,05 га жер аянты жеке менчикке берилсин.

7. Тиешелүү укуктук документтер  менен камсыз  кылуу жагы Ат- Башы райондук архитектура башкармалыгынан жана Ат-Башы райондук  жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

8. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Дөөткулов.