Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 02-февралы №24/4
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтына бала бакча салуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн менчигиндеги контур 4-02-10-1001-0366 дагы 7081 чарчы метр жер аянтына бала бакча курууга уруксаат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин бир айлык убакыттын ичинде Ат-Башы райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн турак-жай адиси Э.Алымкуловго тапшырылсын.
4. Бала бакчанын проектисине жана каттоодон өткөрүүгө кетүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жусумамбетовго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов. |