Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-февралы №24/6

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

     Ак-Муз айыл аймагынын мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Токтомдун аткарылышын конторолдоо Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Дөөткулов