Редакцияот 02.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-апрели №25/1

Ак-Муз айыл аймагына келген инвентарларды айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагындагы мекемелерге келген инвентарларды айыл өкмтүнүн балансына кабыл алуу максатында Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши токтом кылат:

1. Ак-Муз айыл аймагына келген инвентарларды айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн;

-А. Айыпов – комиссиянын төрагасы

-М. Солпиева – комиссиянын катчысы

- А. Капатов – комиссиянын мүчөсү

-А. Абдырахманов – комиссиянын мүчөсү

-М. Калчаев – комиссия мүчөсү

-Г. Кыргызбаева – комисия мүчөсү

-Н. Шамуратов – комиссия мүчөсү

2. 2015-жылдын 1-майына чейин комиссия курамына айыл аймагына келген инвентарларды тактап, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрү милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Дөөткулов