Редакцияот 02.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 10-апрели №26\2

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин  2014-жылдан калган калдык акча каражатынын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

Жергиликтүү бюджетинин  2014-жылдан калган 1 214 981.71 сом;

Ата энелерден түшкөн салым 165 920 сом.

Баардыгы: 1 380 901.71 (бир миллион үч жүз сексен миң тогуз жүз бир сом жетимиш бир тыйын )

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

Бала бакчанын мебел алуу проектисинин өздүк салымына 87 000 сом;

Жайыт комитетине 60 000 сом;

Таза сууга 50 000 сом;

РЭСке 60 000 сом;

Ветеринардык кызмат үчүн 40 000 сом;

Чаарова Гүлайымга 20 000 сом;

Айыл ичиндеги жолдорду оңдоого 130 000 сом;

Мечитке 90 000 сом;

Оорканага 50 000 сом;

Жаңы салынуучу бала бакчанын өздүк салымына 578 781 сом 71 тыйын;

Райондук статистика бөлүмүнө 6 000 сом;

МК гезитине жарыя үчүн 1000 сом;

Парктын кароолчусуна бир жылдык айлык акысына 42 200 сом;

Бала бакчага тамак аш азыктарын алууга 165 920 сом

Баардыгы: 1 380 901.71 (бир миллион үч жүз сексен миң тогуз жүз бир сом жетимиш бир тыйын )

Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөнн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: А. Жусумамбетовко  тапшырылсын;

Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөнн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Дөөткулов