Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 24-июлу №30
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине «Импротекс» фирмасынан түшкөн 624 245 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине «Импротекс» фирмасынан түшкөн 624 245 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-мектептин «Мерсиконун» проектисине өздүк салым үчүн 260 825 сом;
-мектептин Мерсиконун продуктысын тартып келүү үчүн 10 000 сом;
-айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна ГСМ алуу үчүн 80 000 сом;
-айыл тургундары А.Акматакуновага, Н.Элебесова, А.Иманкуловго, Ж.Абдыбековага социалдык жардам үчүн ар бирине 5 000 сомдон жалпы 20 000 сом;
-калган 253 420 сом айыл өкмөтүнүн бюджетинде калтырылсын;
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн смета расходко ылайык
жүргүзүүнү көзөмөлдө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн
башчысына тапшырылсын.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |