Редакцияот 20.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI-чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 20-марты №1

Кара-Суу айыл аймагынын жерлерин трансформация кылуу жөнүндө

Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 156-б буйругуна ылайык, жер комиссиясынын 12-март 2015-жылдагы № 6 протоколунун негизинде, Кара-Суу айылынын Кара-Коюн участкасындагы  №42, 32, 33, 34, 35, 31, 28 контурундагы  жалпы аянты 30,0 га жер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 жер  участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык, жайыт жеринен өнөр-жай категориясына сунушу бекитилсин.

2. Сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго тапшырылсын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева