Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 03-апрели №2

Кара-Суу айыл аймагындагы  жолбун иттерди атууну камсыз кылуу жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл тургундарынан түшкөн  кайрылуулардын негизинде айылдагы жолбун иттердин көбөйүшүнүн кесепетинен коркунучтуу ылаңдардын алдын алуу максатында  иттерди атууну камсыз кылуу боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:

1. К.Уметов- айыл өкмөт башчы, комиссиянын төрагасы;

Мүчөлөрү:

2. Ж.Акбаев- вет адис;

3. Б.Усенов- жайыт төрагасы;

4. К.Шааев- Дыйкан айыл башчы;

5. Н.Абдысаков- участкалык инспектор;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана каражат бөлүп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Усеновго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева