Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №5

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата айыл өкмөтүнө жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп жыюу өнөктөштүгүнө карата техникаларга кызмат көрсөтүүсүнө бааларды бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясынын токтомуна ылайык 2015-жылга айыл өкмөтүнө  караштуу техникалардын кызмат көрсөтүү акылары аянты 1 га жер үчүн төмөндөгүдөй белгиленсин:

1.Аңыз айдоо     700 сом, 20 л майы

2. Дың айдоо       800 сом, 25 л майы

3. Мала                 300 сом, 8л майы

4. Себүү                300 сом, 8 л майы

5. Арык тартуу    100 сом, 5л майы

Күзгү оруп-жыюуу өнөктүгүнө  карата техникалардын кызмат көрсөтүү акылары 1 га жер үчүн төмөндөгүдөй белгиленсин.

1. Комбайн           1300 сом  20литр солярка.

2. Жатка КПЗ      1000 сом, 10 л майы

3. Косылка            700 сом,  8 л майы

4. Чөп тырмоо      300 сом,  7 л майы

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, камсыз кылуу  жагы  айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жүктөлсүн .

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева