Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №9

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Рабат өрөөнүндөгү турист тосуучулар жана туристтерди тейлөөчүлөрдүн жайыт комитетине жайыт салыгын төлөө жөнүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт акыдан сырткары жайытты кыйыр пайдалангандыктары үчүн Таш-Рабат өрөөнүндөгү бардык турист тосуучулар жана туристтерди тейлөөчүлөр үчүн жайкы сезондо ар бир турист тосуучу (тейлөөчүлөр) 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө каражатты жайыт комитетине 01.10.2015-жылга чейин төгүп берүү жагы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин башчысы Б.Усеновго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева