Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI-чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №4

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө согуш ардагерлерине Кара-Суу айылынын «Ардактуу Атуулу»  наамын берүү  жөнүндө

Кара-Суу айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагына караштуу Дыйкан  айылынын тургуну, Ата Мекендик согуштун катышуучусу,  Жеңиш үчүн кошкон зор салымын,  күжүрмөндүүлүгүн баалап, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Тентимишов Арнаалыга Кара-Суу  айылынын «Ардактуу Атуулу» наамы берилсин.

2. Дыйкан айылынын ардагери жашаган үйүнө «Бул үйдө Кара-Суу айылынын Ардактуу Атуулу жашайт» деген такта илинсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева