Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №11

Жасалма уруктандыруучу аппараттын кредитин төлөө жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүлөрүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын элинин муктаждыгы үчүн кредитке алынып келинген жасалма уруктандыруучу аппарат үчүн   кредит төлөө убактысы 2019-жылда бүткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүсү камсыз кылынсын.

2. Токтомду аткаруу жагын камсыз кылуу башчы К.Уметовго жана ФЭБ нүн убактылуу башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева